Киста оорусу эмнеден пайда болот

Бул гинекологиялык ооруларга кыз-келиндер ар түрдүү куракта тушугат

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин бул жолку медициналык рубриканы айымдардын саламаттыгына арнайт.



Гинекологиялык суроолорго жогорку даражадагы врач-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова жана Улуттук онкология борборунун радиогинекология жана брахитерапия бөлүмүнүн башчысы Чынара Батырканова жооп берди.


Оору козголгондо кычышуу жаралат да, ириң сымал суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Гигенаны жакшы сактап, жыныс органдарын таза кармоо кажет. Аталган ооруга чалдыгып калган учурда өз алдынча дарыланбастан, сөзсүз түрдө гинекологго кайрылуу зарыл. Дарыгер гана так диагноз коюп, дарылануу ыкмаларын сунуштай алат.

Адамдын организминде боло турчу кандидоз грибогу башка бактерияларга кошулуп көбөйүп кеткенде молочница оорусу пайда болот. Бул илдет гормоналдык дары-дармектерди көп колдонгондо, иммунитет төмөндөгөндө, кант диабетине тушукканда, стресстин кесепетинен жана жыныстык жол аркылуу жуккан оорулардан кийин пайда болот.

Оору процессинде жыныстык мүчөдөн быштак сымал жагымсыз жыты бар суюктук бөлүнөт да, ыңгайсыздык жаратат. Айрым учурларда аялдардын дене табы көтөрүлөт. Аталган илдеттен убагында арылуу керек. Эгер айым кош бойлуу кезинде аталган илдет менен ооруп дарыланбай жүрө берсе, ал энеден балага өтөт.


Бул оорунун алгачкы белгилери адамдын өзүнө билинбейт. Ошондуктан гинекологдун көзөмөлүнөн өтүү зарыл.

Сифилис — жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оору. Ал теринин былжырлуу катмарын, ички органдарды, сөөктү жана нерв системаларын жабыркатат. Сифилисти козгоочулардын аты трепонема деп аталат. Ооруну жуктуруп алгандардын көбү жыныстык жол аркылуу жугузгандар. Жатын кынына түшкөн трепонема жараны пайда кылат. Энеден балага түйүлдүк кезинде же төрөт учурунда, кээде эмчек эмизгенде жугушу мүмкүн. Сифилисти жуктуруп алган адамдын алгач эле жыныстык органына жара пайда болот.


Жыныстык мүчөдөн суюктук көп бөлүнүп чыга баштайт, ичтин ылдый жагы ооруп, заара ушатканда ачышып кыйналат. Бул илдет өтүшүп өнөкөткө айланып калган учурда тукумсуздукка чейин алып келиши ыктымал.

Эгер цистит болбойм десеңиз эң негизгиси бутуңузду жана белиңизди жылуу кармаңыз. Цистит жаңы башталганда табарсык тез толуп, бир күндө 10дон кем эмес жолу заара ушатууга туура келет. Заара тамчылап чыгып, жан жерди сыздатып оорутат. Кээде заара менен ириң аралаш кан чыгып, дене ысыйт, оору табарсык туштан белге берилет.

Цистит күз, кыш, жаз мезгилинде көп кармайт, суукка урунуу, буттун муздашы, жыныс органдарынын сезгенишинен улам өнөкөт дартка чалдыктырат. Өз убагында дарыгерге кайрылуу оорудан тез сакайтат.


Миома болгондо айыз каны токтобой узак убакыт келет да, адам кансырап аз кандуулук илдетине кабылат, жамбаш сөөк, бел, бут ооруксунат, ичеги менен табарсык кысылат, жатындан чыккан суюктук кан түрүндө келе баштайт. Аталган белгилер байкалса сөзсүз түрдө дарыгер-гинекологго кайрылуу керек.

Киста — ичи сары суу сымал суюктукка толгон шишик. Ал миомадан айырмаланып жатында эмес, жумурткада пайда болот. Аялдарда киста көбүнчө гормоналдык бузулууга учураганда, айыз эрте жашында келгенде, бойдон алдырууда, жасалма жол менен бойдон түшүргөндө, жыныстык жактан жуккан жугуштуу оорулардан улам пайда болот. Бул жерде дарыгердин аракети жок оору менен күрөшүүгө болбойт.

Климакс аялдын жыныстык системасынын иштешинин төмөндөп барып токтошу. Мында аялдын эн бездери жыныстык гормондор болуп эсептелген эстроген менен прогестеронду иштеп чыгаруусун токтотот. Гормондор жок этек кир келбей калат, демек, эне болуу мүмкүнчүлүгү токтойт. Май жана зат алмашуу бузулуп, аялдын денесинде май топтоло баштайт. Сөөктөрдүн тыгыздыгы начарлап, жыныс кыны менен жатындын өлчөмү кичиреет. Булчуӊдар бошоӊ тартып, заара ушатуу көбөйөт. Климакска кээ бирлер эрте туш келсе (35-40) айрымдар 55 жаштан кийин тушугат. Ошондой эле бирөөлөрдө бул процесс жеӊил өтсө, башкаларда орто же оор болушу ыктымал. Бул учурда ооруканага баш багуу зарыл. Дарыгерлер климаксты убакыттын өтүшү менен организмде пайда болчу процесс катары сыпатташат.

Жогорку даражадагы дарыгер-онколог, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Батырканованын айтымында, жатын моюнчасынын рагы паппилома вирусу аркылуу пайда болот. Оору жыныстык катнашта, төшөктө өнөктөштөрдү бат-баттан алмаштырган учурда жаралат.


Оорунун биринчи, экинчи баскычында операция жасоого толук мүмкүн. 3-4 баскычында химия жана нур терапиясы аркылуу дарылашат.

Адамдын организми үчүн ашказан өтө маанилүү орган. Анын ичиндеги ыйлаакча чел кабыктары 1-2 литрге чейин шире бөлүп чыгарат. Анын жардамы менен адам жеген тамагын аш кылат. Эгерде адам ашказан оорусу менен жабыркаса, шире азайып олтуруп тамакты иштете албай калат. Мындай оорунун пайда болушу нерв системасына байланыштуу. Стресстик абалга көп кабылганда, туура эмес тамактанып, тамакты өтө ысык же муздак ичкенде, убагында тамактанбай режимди бузуп бирде ачка жүрүп, бирде ашыкча жегенден, алкоголдук күчтүү ичимдиктерди ичип, тамекини көп тарткандан улам бул дарт келип чыгат. Кээде адамдар ооруга байланыштуу узакка дары ичкендиктен, химиялык заттарды, уксус, жегич кислоталарды байкоосуздан жутуп алган учурларда гастрит пайда болот. Убагында дарыланбаган гастрит жарага айланып кетет.

Гастриттин түрлөрү:
курч жана өнөкөт гастрит

Гастрит капысынан же бир канча айлардан кийин пайда болуучу деп экиге бөлүнөт. Курч гастрит тез аранын ичинде пайда болуп, кыска убакыттын ичинде өтүшүп кетет. Өнөкөт гастрит акырындык менен айлап же жылдап пайда болот.

Гастрит учурунда кайсы пайдалуу?

Гастрит учурунда пайдалуу тамак-аштар

Нан

Буудай унунан жасалган нан

Эт

Майлуу эмес сулп эттер

Май

Туздуу эмес майлуулугу аз май

Ун азыктары

Кайнатылган макарон, кургатылган нан

Сүт азыктары

Сүт, айран, кефир, быштак, кургак сүт, каймак

Суусундуктар

Ширелер, сүт чай, компот

Гастритти алдын алуу үчүн кандай тамактануу керек?

Бир күндө бир канча ирет

3-5 даана өсүмдүк же жашылча жемишин жеш керек

3-5 жолу дан өсүмдүгүнөн жасалган нан

2-4 чыны көк же кара чай же сабиздин ширесин ичүү зарыл

Тамакка кошулуучу жашылчаларды ченемсиз түрдө колдонуу керек

Жумасына бир канча ирет

1-2 жумуртка же табигый сыр, тоок жана малдын этин кабыл алуу

2-6 жолу балык (треска, лосось жана сардина) жеш керек

1-2 жолу өсүмдүк (жаңгак, оливка жана күн карама) майларын кабыл алуу керек

2-3 жолу макарон тамактарын жеш керек

Кээде

Бир канча даана курамында какао кошулган шоколад жегенге

Бир рюмка вино ичип коюга болот.

Эскертүү: Дүүлүктүрүүчү ачуу, кычкыл, куурулган жана майлуу тамактардан качуу керек.

11. Ашказан рак оорусу - Кыргызстанда биринчи орунда турат
Онкологиялык ооруларга чалдыккандардын саны Кыргызстанда жыл сайын өсүүдө. Буга себеп коомдук турмушубуздагы оор кырдаалдар. Акыркы 20 жылдагы жумушсуздук, социалдык тармагыбыздын оорчулугу, экономикалык, саясий туруксуздук дагы кыргызстандык жарандардын ден-соолугуна түздөн-түз өз таасирин тийгизүүдө. Экологиялык тазалыктын жоктугу, тамак-аштын сапатсыздыгы да буга себеп болууда. Дарыгерлер акыркы жылдары онкологиялык оорулардын ичинен ашказан рагы менен кайрылгандардын саны көбөйгөнүн баса белгилешти.


Ашказан рагынын пайда болушу
Ашказан рак оорусунун көбөйүшү сапатсыз, таза эмес тамак ичкенден, өп-чап курсак тойгузуу менен ачка жүрүүдөн, өз убагында саламаттыгын текшертип турбагандыктан келип чыгат. Ашказан рагынын күчөшүнө өнөкөт гастрит оорусу, язва, аз кандуулук, иммундук системалардын алсыздыгы рактын өсүшүнө жол түзөт. Ашказан рагынын пайда болуу себептери медицинада толугу менен так изилденип чыга элек. Бирок, пайда болуунун бир нече жолдору аныкталган. Мисалы: нитриттер жана нитраттардын ашказанга түшүшү рактын пайда болушуна алып келет. Бул химиялык заттын негизги булагы адамга 89% жер жемиштер аркылуу кирет. Жер жемиштерде нитриттер менен нитраттар алардын өстүрүү жолдоруна жана түрүнө жараша кездешет. Ошондой эле нитраттар туздалган азык-түлүктөрдө, сырада, башка алкоголдук ичимдиктерде, козу карындарда кеңири таралган. Ал эми тамак-аштан сырткары нитраттар менен нитриттер организмге тамеки чегүүдөн жана косметика менен кирет. Көпчүлүк окумуштуулар бир нече изилдөөдөн соң алкоголдук ичимдиктердин бардыгы ашказан рагын пайда кылууга түздөн түз таасирин тийгизет деп баса белгилешкен.
Биринчи белгилери.
Ашказан шишиги менен жабыркаган адамдын алы кетет, бат чарчайт, жумушка болгон активдүүлүгү начарлайт, арыктайт жана табити жоголот. Тамак жегенден кийин ашказандын оордугу сезилет да, кускусу келет, ичи өтүп, же тескерисинче ичи катыйт. Ичтин көлөмү да өзгөрүлүшү мүмкүн. Эгер шишик чоң болсо анда ашказандын жогору жагы оорутушу ыктымал. Окумуштуулардын бир нече изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында аз кандуулук жана гастрит оорусу ашказан шишигине алып келери анык болгон. Рак менен жабыркаган оорулуулардын 1-10% аз кандуулук жана 10% гастрит, ашказан жарасы менен жабыр тартышкан. Рактын пайда болушуна гастрит оорусунун деңгээлине жараша болот. Гастритте ашказан ширесинин азайышы менен микробдор көбөйө баштайт да бара-бара ракка алып келери белгилүү болгон.
Химиятерапия-
убактылуу жардам
берет
Кандайдыр бир себептерден улам операция жасалбай калган учурда химиятерапия жүргүзүлөт. Мындай учурда химиятерапия ашказан шишигин толугу менен айыктырбайт. Ал шишиктин өсүшүн токтотуп, көлөмүн кандайдыр бир деңгээлде кичирейтиши мүмкүн. Химиятерапия аркылуу шишикти толугу менен жок кылган учурлар чанда гана кездешет. Мындай метод организмге терс таасирин тийгизбейт. Ал бейтаптарга өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт. Химиятерапия аркылуу оорулуулар арыктоо жана башка маселелери чечилиши мүмкүн.
Эки шишик
Ашказанда шишик оорусу зыяндуу жана зыянсыз болуп экиге бөлүнөт. Зыяндуу шишиктер татаал жана ага кылдаттык мамиле кылууну талап кылат. Ал эми зыянсыз шишиктер көп оорутпайт, адамдын тынчын албайт. Ашказанда жүрө бериши мүмкүн. Операция кылган соң бат эле айыгып кетет.


Сүйүтбек Дөөлөтбеков, Улуттук онкология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн башчысы:
"Рактан арылууга мүмкүнчүлүктөр арбын"
- Онкологиялык дарттарга кабылгандардын саны өсүшүнө эмне себеп болууда?
- Биздин онкологиялык бөлүмдө ашказан, боор, уйку без, шишик, сөөк оорулары менен республиканын бардык аймактарынан келип кайрылышат. Алыскы аймактагы ооруканаларда дарыгерлер диагноз кое албай кыйналган учурда бизге жөнөтүшөт. Учурда Кыргызстанда тилекке каршы өнөкөт, өтүшкөн оорулар менен жабыркагандардын саны өсүп кетти. Өзгөчө ашказан рагы көп кездешүүдө. Ал башка шишик ооруларга салыштырмалуу биринчи орунда турат. Жалпы онкологиялык ооруларынын пайда болуусун илимде далилденгендей химиялык заттар, углеводдор, жана радиация себеп болот. Ал клеткалардын өзгөрүшүнө, мутацияга алып келет. Генетикалык факторлор да таасирин тийгизет. Эгер ата-бабаларында шишик оорулары кездешкен болсо анда ал кийинки муунга да өтүшү мүмкүн.
Онкологияда ашказан шишигинин пайда болуу себептери өтө көп. Алардын ичинде ашказан өнөкөт оорулары. Мисалы гастриттин түрлөрү, ар кандай жаралар "язва желудка" деп коебуз же палит оорусун убагында дарылабагандыктан ашказандын ички катмары өзгөрө баштайт да акырындан рак оорусуна өтүшү мүмкүн. Андан сырткары өлкөдө болуп жаткан окуялар, мисалы, өткөн жылдагы 7-апрелдеги окуялар, Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялардын бардыгы адамдын психологиясына терс таасирин тийгизип, стресс абалына алып келди. Албетте, ал нерв системасынын бузулушу аркылуу, ден-соолуктун начарлашынын башкы фактору болуп эсептелинет.
- Ал эми ашказан рагын кандай жолдор менен аныктоого болот?
- Ашказан рагы экенин аныкташ үчүн гастроскопия деген аппаратыбыз аркылуу текшеребиз. Оорулуу бул аппаратты жуткан соң, ашказанды көрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Андан тышкары рентгенге тартып билсек болот. Булар негизги текшерүү болуп эсептелинет. Эгер бейтап оорунун башталгыч убагында кайрылса биз айыктырып берүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ашказан гастрит оорулары болгондо ооруйт. Ашказан ооруганда эле рак оорусу башталды деп ойлобош керек. Ашказандын рагы болгондо мурунку ооруларга салыштырмалуу, адаттагыдан да күчтүү ооруйт. Мүнөзү башкача боло баштайт. Алы кетип шалдырайт. Жумушка болгон каалоосу начарлайт. Эл менен көп сүйлөшкүсү келбейт, өзүнчө бөлүнө баштайт. Кан азайып, гемоглобин төмөндөйт жана арыктайт. Ушул белгилер байкалып калса дарыгерге кайрылуу зарыл. Ошондо биз текшерип көрүп шишиктин биринчи башталышы менен күрөшүп баштайбыз.
- Дарылоо жолдору кандай?
- Ракты бир гана операция жолу менен дарылоого болот. Операция жасоодо кээде ашказандын жарымын же толугу менен алып койгон учурлар да кездешет. Эгер ашказандагы шишик жанындагы органдарга өтүшүп кеткен болсо, коңшу жайгашкан органдарды да алууга туура келет. Кээде ашказан менен биргеликте уйку безди же боорду алып салабыз. Биздин практикада рак оорусуна операция жасоодо 11 органга чейин кесип алган учурлар болгон. Азыр мурда көп жасалбаган операциялар акырындап жасала баштады. Кээде амплуатация кылган учурлар да болот. Өкүнүчтүү жагы, оорулуулар баштапкы стадиясында кайрылбай, көр оокаттын азгырыгы менен ден-соолугун экинчи планга коюшуп, кеч кайрылып жатышкандыгында. Азыр бизге үчүнчү же төртүнчү стадиясында келишип, дарылоо жакшы эффект бербей жатат.
- Ашказан рак ооруларын алдын алуу боюнча мекендештериңизге айтар кеңешиңиз?
- Күнүмдүк оокатка, турмуш-тиричиликке алаксып жүрө бербей, адам өзүнүн ден-соолугун алдыга коюшу керек. Ар адамдын саламаттыгы өзүнүн колунда. Азыркы заманда ар бир адамдын ден-соолугу - бул үй-бүлөнүн байлыгы. Андыктан ден-соолукка кайдыгер болуп, оору-сыркоону өз убагында текшертпей, медициналык кароодон өтпөй жүрө бербегиле деп айтамын. Азыр техника өнүгүп келатат, ар бир райондо УЗИ аппараты бар, жыл сайын текшерилип, рактын белгилери байкалса, өз убагында дарылануу керек. Андан арылууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Рак десе эле, "аа, мен бүтөт экемин" деген кыска ойдон алыс болушубуз керек.

12. Ичеги инфекциялары — ооз аркылуу жугуучу, козгогучтары (негизинен бактериялар, вирустар) ичеги карында көбөйүп, бөлүнүп чыккан заттар менен сырткы чөйрөгө таралуучу жугуштуу дарттар. Аларга мисалы, дизентерия, ич келте, паратиф, вирустуу гепатит сыяктуу кеңири таралган оорулар кирет.

Кезектеги макалада "рак оорусу кантип пайда болот", деги эле онкологиялык оорулардын башаты эмнеде? Онкологиялык оорлар организмдин ички жана тышкы элиниминация факторлорунун натыйжасы. Рак оорусуна жакындык адамдарда генетикалык жактан, өзүн-өзү алып жүрүү, адам тарбиясы менен шартталат, ал эми оору өзү айлана чөйрөнүн канцерогендик факторлору менен башталат. Бирок эффективдүү иш-аракеттер ылайыктуу эмес генетикалуу адамдарда онкологиянын пайда болуусун алдын алат. Муну менен бир уруктуу эгиздердин бирөөсү рак оорусу менен ооруп калуусу түшүндүрүлөт. изилдөөлөр көрсөткөндөй өзүн-өзү алып жүрүүнүн эффективдү болбошу алардын жашоодон ырахат ала албай, стресс абалда жашоосу болгон. Макала абдан түшүнүксүз болуп жатса керек, аягына чейин окуй берсеңиз кичине түшүнүктүү болот. Айла жок абалда болуу, терс эмоционалдык санаалар, депрессиялар, психикалык травмалар, кор болгон күн тартиби, зыяндуу адаттар, туура эмес тамактануу, начар экология - ушунун баары жана башкалар адамдын психикалык жана физикалык кубатын жок кылат. Тышкы факторлорго туура эмес таасирденип, өзүнүн психикалык абалын башкара албай, стресстик абалдан чыга албай, турмуштун ырахатына бата албаган адамдар бул оору алдында абдан алсыз болот. Эмнеге мындай болот? Жообу эң жөнөкөй: стресске алсыз болгон адамдардын мээсине (борбордук нерв системасы) организмде болуп жаткан процесстерди башкарууга мээсинин ресурсу жетишпей баштайт, анткени мындай адамдар стресстик кырдаалдардан кантип чыгуунунун үстүндө дайыма изденүүдө болот, дагы болгон энергиясын ушуга жумшай берет.

Онкологиялык оорулардын пайда болуусундагы вегетативдик нерв системасынын функцияларынын бузулушу маанилүү рол ойноорун 20-кылымдын экинчи жарымында америкалык окумуштуулар Карл жана Стефани Саймондор аныктап, тастыкташкан. Бул изилдөөлөр үчүн алар Нобель сыйлыгын алышкан. "рак оорусу кантип пайда болот" деген суроого аз да болсо, илимий жактагы жооп кыскачасы.

Билесиңерби, адам баласынын организминде ар бир секунда сайын бир нече мутанттык клеткалар пайда болот. Элестеткиле, күн сайын ар бирибизде миллиондогон клеткалар пайда болуп зыяндуу шишиктер менен биригип бизди өлүмгө учуратышы мүмкүн. Бирок рак оорусу менен баары эле ооруй бербейт. Эмнеге? бул макаланын башында айтылып өткөн жашоо шарттары менен шартталат. Туура иштеген мээ - организмде болуп жаткан бардык процесстерди башкарат - дайыма иммундук жана эндокриндик системаны башкарат, туура иштеген мээ мутант-клеткаларды жок кылууга жоопкерчиликтүү. Туура иштеген мээ организмде өлүмгө учуратуучу шишиктерге жол бербейт.

Эгер мээ өз функциясын эффективдүү акткара албай калганда Карл жана Стефани аныктаган онкологиянын өнүгүү модели жакшы көрсөтүп турат.

Бул моделди жөнөкөйлөштүрүп караганда ал мындай:
1.Стресстерден биздин мээ туура эмес иштеп баштайт.
2.Иммунитет мээ тарабынан туура көзөмөлдөнбөй, ал дагы туура эмес иштеп баштайт.
3.Адам организминде дайыма пайда болуп туруучу рак клеткалары иммунитет тарабынан жок кылынбай, шишик түрүндө чогулат.
4.Анан рак оорусу

Рак оорусунун, негизи онкологиялык оорулардын ушундай мүнөздө пайда болуу табияты бар экен, "рак оорусу кантип пайда болот" дегенде бирден-бир стресс себепчи экенине ынандык. Ал эми бул ооруну кандай даарылоо керек, бул оорунун түрлөрү кандай, бул башка кеп. Рак оорусу жонундо маалымат ушундай, рак оорусу деген эмне суроосуна эми жоопти сиз билесиз.


Мезгил

“Рак оорусу кантип пайда болот”, деги эле онкологиялык оорулардын башаты эмнеде? Онкологиялык оорлар организмдин ички жана тышкы элиниминация факторлорунун натыйжасы рак оорусуна жакындык адамдарда генетикалык жактан, өзүн-өзү алып жүрүү, адам тарбиясы менен шартталат, ал эми оору өзү айлана чөйрөнүн канцерогендик факторлору менен башталат. Бирок эффективдүү иш-аракеттер ылайыктуу эмес генетикалуу адамдарда онкологиянын пайда болуусун алдын алат. Муну менен бир уруктуу эгиздердин бирөөсү рак оорусу менен ооруп калуусу түшүндүрүлөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй өзүн-өзү алып жүрүүнүн эффективдү болбошу алардын жашоодон ырахат ала албай, стресс абалда жашоосу болгон. Айла жок абалда болуу, терс эмоционалдык санаалар, депрессиялар, психикалык травмалар, кор болгон күн тартиби, зыяндуу адаттар, туура эмес тамактануу, начар экология – ушунун баары жана башкалар адамдын психикалык жана физикалык кубатын жок кылат. Тышкы факторлорго туура эмес таасирденип, өзүнүн психикалык абалын башкара албай, стресстик абалдан чыга албай, турмуштун ырахатына бата албаган адамдар бул оору алдында абдан алсыз болот. Эмнеге мындай болот? Жообу эң жөнөкөй: стресске алсыз болгон адамдардын мээсине (борбордук нерв системасы) организмде болуп жаткан процесстерди башкарууга мээсинин ресурсу жетишпей баштайт, анткени мындай адамдар стресстик кырдаалдардан кантип чыгуунунун үстүндө дайыма изденүүдө болот, дагы болгон энергиясын ушуга жумшай берет.

Онкологиялык оорулардын пайда болуусундагы вегетативдик нерв системасынын функцияларынын бузулушу маанилүү рол ойноорун 20-кылымдын экинчи жарымында америкалык окумуштуулар Карл жана Стефани Саймондор аныктап, тастыкташкан. Бул изилдөөлөр үчүн алар Нобель сыйлыгын алышкан. “рак оорусу кантип пайда болот” деген суроого аз да болсо, илимий жактагы жооп кыскачасы.

Билесиңерби, адам баласынын организминде ар бир секунда сайын бир нече мутанттык клеткалар пайда болот. Элестеткиле, күн сайын ар бирибизде миллиондогон клеткалар пайда болуп зыяндуу шишиктер менен биригип бизди өлүмгө учуратышы мүмкүн. Бирок рак оорусу менен баары эле ооруй бербейт. Эмнеге? бул макаланын башында айтылып өткөн жашоо шарттары менен шартталат. Туура иштеген мээ – организмде болуп жаткан бардык процесстерди башкарат – дайыма иммундук жана эндокриндик системаны башкарат, туура иштеген мээ мутант-клеткаларды жок кылууга жоопкерчиликтүү. Туура иштеген мээ организмде өлүмгө учуратуучу шишиктерге жол бербейт.

Эгер мээ өз функциясын эффективдүү акткара албай калганда Карл жана Стефани аныктаган онкологиянын өнүгүү модели жакшы көрсөтүп турат.

Бул моделди жөнөкөйлөштүрүп караганда ал мындай:
1.Стресстерден биздин мээ туура эмес иштеп баштайт.
2.Иммунитет мээ тарабынан туура көзөмөлдөнбөй, ал дагы туура эмес иштеп баштайт.
3.Адам организминде дайыма пайда болуп туруучу рак клеткалары иммунитет тарабынан жок кылынбай, шишик түрүндө чогулат.
4.Анан рак оорусу пайда боло баштайт.

Рак оорусунун, негизи онкологиялык оорулардын ушундай мүнөздө пайда болуу табияты бар экен, “рак оорусу кантип пайда болот” дегенде бирден-бир стресс себепчи экенине ынандык. Ал эми бул ооруну кандай даарылоо керек, бул оорунун түрлөрү кандай, бул башка кеп. Рак оорусу жонундо маалымат ушундай, рак оорусу деген эмне суроосуна эми жоопти сиз билесиз.


Аба-ырайынын кескин өзгөрүшү териге залакасын тийгизип, көпчүлүк адамдарды бушайман кылууда. Ошондой эле жаштарды безетки оорусу да тынчсыздандырып келет. Жалпы тери оорулары жана анын алдын-алуу жолдору туурасында дерматологиялык жана косметологиялык клиниканын директору, врач косметолог-дерматолог Айнура Сагынбаева айтып бермекчи. Айнура айым косметологиялык клиникада 14 жыл иштесе, дерматологиялык клиникада 8 жылдан бери эмгектенип келет.

– Айнура айым, алгач теринин түрлөрүнө токтолсоңуз?

– Негизи дерматологиялык атласты караса, тери оорусунун түрлөрү миңден ашат. Учурда эң көп кездешкен тери ооруларына экзема, безетки, псориаз, грибок, сөөл, котур ж.б. түрлөрү кирет. Илгери котур оорусу аз болгон. Ал кезде саламаттыкты сактоо тартиби күчтүү эле. Азыр тазалык жаатынан аксап турабыз. Өзгөчө жаңы конуштарда жашаган адамдарда шарт жоктугуна байланыштуу гигиена сакталбай калган. Ушундай кесепеттерден улам оорунун түрлөрү күч алууда. Мурун жок болуп кеткен оорулар кийинки кездерде кайрадан кездешип жатат. Бул Орто Азияда эң көп кездешүүчү оорулардын катарына кирген. Ал эми “псориаз” – бул ала оорусуна окшогону менен, азырынча так изилденип, аныктама бериле элек.

-Бул оорулар эмнеден улам пайда болууда?

-Баягы эле биз жамандаган Кытай бут кийимдери, тамак-аштары чоң таасирин тийгизип жатат. Совет убагында ортопедиялык жактан туура бут кийим тандоо чоң мааниге ээ эле. Азыр балдардын көпчүлүгү май таман. Улуу эле адамдар тар же дем албаган начар бут кийимдерди кийип жатышат. Бирок, дал ушул нерселерден ооруга чалдыгып жатканын билишпейт. Жер менен жер болгон жапыз бут кийимдер да сөөлдү пайда кылат. Андыктан, бут кийимди туура тандашыбыз зарыл. Азыркы тапта иммунитеттин начарлашы да сөөл оорусун жаратууда. Сөөл- бул онкологиялык оору. Сөөлдү тытып, кесип, күйгүзүүгө болбойт. Аны өз алдынча дарылоого да мүмкүн эмес. Бирок, өз алдынча күйгүзүп, жаман илдетке кабылып же тескерисинче күчөтүп алган адамдар да жок эмес. Кээде “кыргызчылык менен айыгып кетти” дешет. Бул да туура эмес. Ал жөн гана иммунитети көтөрүлүп, дал келип калган учур. Азыр тамандагы сөөл менен кайрылган адамдар көп. Бул өтө коркунучтуу. Анткени, таманда катуу нерсе пайда болуп, баса албай калат. Кээ бир адамдар баспай калгыча адистерге көрүнбөй жүрө беришет. Жети жылдан бери тамандагы сөөлдүн кесепетинен балдак менен басып жүргөн адам кайрылган. Биз сөөлдү дарылаган соң, ал адам кадимкидей бийлеп калды.

– Сиздер ооруларды кандай ыкма менен дарылайсыздар?

– Алгач туура кеп-кеңешибизди беребиз. Ошондой эле атайын аппараттарыбыз бар. Ар бир оорунун түрлөрүнө жараша ар кандай ыкмалар колдонулат. Негизи тери оорулары мезгилге да көз каранды болот. Мисалы, жайында инфекциялык оорулар күчүнө кирет. Өзгөчө “грибок” оорусу көпчүлүктү түйшөлтөт. Анткени, бири-биринин тапичкелерин кийип жүрө беришет. “Грибок” оорусу жугуштуу оорулардын катарына кирет. Ал эми жаз, күз, кыш мезгилинде шамалдап калган ооруларга чалдыккандар көп болот. Кыш мезгилинде аллергия менен да көп кайрылышат. Оорунун айынан көбүнчөсү диета кармоого мажбур болушат.

– Тери оорусуна кабылган адамдардын диета кармашы зарылбы?

– Албетте. Негизи тери ооруларында кызыл, таттуу же өтө ачуу, майлуу жебеш керек деген өзүнүн шарттары болот. Азыр теринин сезгенүү оорулары абдан көп. Анткени, азыр жаш балдардын баардыгы кириешки, чипсы, кетчуп, колбаса, сосиска жеп, Кытайдын сагыздарын чайнашат, кола ичишет. Мына ушундай туура эмес тамактануу да тери ооруларын күчөтөт. Шорпо, ботко, сууга бышкан жумуртка ж.б. ушул сыяктуу туура тамактарды колдонсок, тери оорулары азаят.

– Безетки оорусу эмнеден келип чыгат, андан кантип арылуу керек?

– Безетки оорусунун себеби көп. Биринчиден, аталган оору тукум кууйт. Экинчиден, организмдеги мите курттардын кесепетинен бул ооруга чалдыккандар көп. Үчүнчүдөн, өзгөчө кыз кишиники гормондордун туура эмес иштешинен келип чыгат. 20-22 жашка чейинкилер өспүрүмдүк безеткилерге кирет. Бирок, аны дагы дарылоо кажет. Туура эмес косметикалык каражаттарды колдонуп, спирт сүйкөп, айтор өз билгендерин кылышат. Үйдөн туура эмес кам көрүү да безеткинин күчөп кетишине алып келет. Күчөп кеткен безеткиден бет терисинде ар кандай тактар пайда болот. Так калтырбоо үчүн алдын-ала адиске кайрылган оң. Безетки бир күндө айыгып кетчү оору эмес. Ал чоң схема. Биздин клиникага кайрылгандар үч ай бою адистин көзөмөлүндө болушат.

-Кайсыл оорулар тукум кууйт?

– “Псориаз”, “витилиго” тукум куучу ооруларга кирет. Ал эми экземанын эки түрү болот. Бири тукум куучу оорулардын катарына кирсе, экинчи түрү жугуштуу ооруларга кирет. Ошондой эле котур оорусу да жугуштуу оорулардын катарында. Ал көбүнчө бала бакчадан, көпчүлүк жүргөн жерлерден, бири-биринин кийимин кийип, буюм-тайымдарын колдонууда, саламдашууда жугат. Ал эми “демодекс” (беттеги курт) иммунитети начар адамдарга дароо жабышат.

ТАЛМА (ЭПИЛЕПСИЯ) ЖАНА ЖИН ТИЙГЕН ООРУЛАРДЫ АЙЫКТЫРУУ БОЮНЧА ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (саллаллоху алайхи уа саллам) КЕНЕШТЕРИ.

Ата бин Рабахтын (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: "Бир жолу Ибн Аббас (р.а.) мага: "Сага БЕЙИШКЕ КИРУУЧУ АЯЛДЫ корсотойунбу?"-деп калды. Мен: "Ооба-дедим. Ал мага: ""Тээтиги негр аял бир кезде Аллахтын Элчисине (саллаллоху алайхи уа саллам) келип мындай деген болчу:

"Менин ТАЛМА ООРУМ кармап жыгылып каламын да, ошонун айынан (кийимдерим т урулуп кетип) денем корунуп калат, (ошондой болбос учун) мен учун АЛЛАХКА ДУА кылып бериниз".

Аллахтын Элчиси (саллаллоху алайхи уа саллам) ага мындай деп жооп берди:

Эгер кааласан САБЫР КЫЛ, ошондо СЕНИ БЕЙИШ КУТОТ, а эгерде (башканы кааласан, анда мен АЛЛАХКА, Ал сага ШЫПАА БЕРУУСУН сурап ДУА КЫЛАМЫН".

Ал (аял): "Андай болсо МЕН САБЫР КЫЛАМЫН!"-деди да, анан мынтип кошумчалады:

"Чындыгында, менин денем корунуп калат, (анда) ДЕНЕМДИН КОРУНБОШУ УЧУН (гана) АЛЛАХТАН ДУА КЫЛЫНЫЗЧЫ".

Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллоху алайхи уа саллам) анын денесинин ачылып калбоосун сурап Аллахка дуа менен кайрылган".

(Бухари, Муслим, "Сахих").

ТАЛМА ООРУСУ (ЭПИЛЕПСИЯ) эки турдуу болот:

1-Жин тийгендиктен улам,
2-Физикалык себептерден улам (мисалы организмдеги химиялык же физиологиялык тен салмактуулуктун бузулушунан). Азыркы врачтар негизинен бул оорунун 2-туру менен кобуроок бетме-бет келишип, жана ошону дарылоонун ылайыктуу ыкмаларын гана сунуш кылышат.

Талма илдетинин 1-туру: Жин тийуудон пайда болгон туруно келсек, анда прогрессивдуу жана акыл-эстуу турдо акыл калчаган дарыгерлер мындай оорунун бар экенин моюнга алышат. Жана алар тастыкташканда, талманын андай турун дарылоо ишин ан-сезим денгээли онуккон ТАКЫБАА-ААЛЫМ же МОМУН ХАФИЗ адамдар гана жузого ашырышып, ошолор гана КАЙЫП КУЧТОРДУН (ЖИНДЕРДИН) терс таасирин жок кыла алышат.

Талма оорусунун дарылоонун ыкмаларын суроттогон ГИППОКРАТ мындай деген:

"(Биз колдонуп жургон) бул ыкмалар химиялык жана физикалык себептерден улампайда болгон талманы дарылоодо гана пайдалуу. Ал эми КАРА КУЧТОРДОН (ЖИН ТИЙУУДОН) пайда болгон талмага келсек анда бул суроттолгон (биздин ыкмалар аны дарылоодо алсыздык кылат".

Ошентип айрым врачтар физикалык себептерден пайда талма оорусун гана билишет жана ошону гана моюнга алышат.

ЖИН ТИЙУУДОН улам пайда болуучу ТАЛМА ООРУСУН ДАРЫЛОО жолу эки болуктон турат:
1-талма менен ооруган адамга
2-аны дарылоочу адамга тиешелуу.

1-Талма менен ооруган адамга тиешелуусу: оорулуу адам АЛЛАХКА чын ыкыластан ТООБО келтируусу жана жиндерден Аллахтын коргоп калуусун чын дилден жалбаруу менен сурануусу керек.

2-болугу: Дарылоочу адам (аалым же хафиз) жинге: "БИСМИЛЛАХ (АЛЛАХТЫН ЫСЫМЫ МЕНЕН) же ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛОХ (АЛЛАХТАН БАЩКА КУДАЙ ЖОК)-деп айткан сон :

"Мунун ичинен чыгып жогол!"- деп айтуусунун озу эле жетищтуу. Анткени Аллахтын Элчиси (саллаллоху алайхи уа саллам) мындай деп айтчу:

"Оо Аллахтын душманы! Бул жерден жогол! Мен- АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИМИН!"


Сүрөттүн булагы, EPA

Дүйнөлүк коомчулук жаңы коронавирустун жайылып кетишинен чочулап турат

Дем алуу органдарын сезгенткен Кытайдан табылган жаңы коронавирустан 81 киши каза таап, 3 миң киши жуктуруп алганы белгилүү болду.

Коронавирустар буга чейин дагы кооптуу абалды жараткан. Маселен, 2003-жылы "Дем алуу органдарынын синдрому" же SARS, 2012-жылы "Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому" же MERS кеңири жайылып, жүздөгөндөрдүн өмүрүн алган.

Би-Би-Си бул вирус эмне себептен капысынан пайда болорун жана алар эмнеге кооптуу экенин түшүндүрүп берет.

  • Ухандагы жашоо: "Коңшулар тирүү калабыз деп, мас жүрүшөт"
  • Си Цзиньпин: Коркунучтуу вирус тездик менен жайылууда

Кооптуу коронавирус эмнеден пайда болот?

SARS, MERS эми 2019-nCoV вирусу жаныбардан адамга жукту деген түшүнүк калыптанган. Жаныбарлар адамга кооптуу болгон вирустарды алып жүрөт. Бирок алар сейрек учурда адамга жугат.

"Негизи жаныбарлар алып жүргөн вирустар адамга жукпайт. Бирок кишинин иммунитети алсыз болуп жана башка факторлор кошулуп калса, вирус өтө сейрек учурда жаныбардан адамга жугушу ыктымал",-дейт Уорик университетинин окумуштуусу Эндрю Истон.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Кытайдын дарыгерлери коргой турган киймдерди кийип алып, вирусту жуктургандарга жардам берүүдө

Вирус адамга жуккандан кийинки мутация жараяны коркунучтуу.

"Вирус жаңы жана ылайыксыз организмде жашап кетүү үчүн өзгөрүшү керек",-дейт окумуштуу.

Ошондуктан коронавирус адамга жукканда, анын мутацияланганы өтө кооптуу абалды түзүшү ыктымал. Коронавирустун баары кооптуу деп айтууга да болбойт. Адам коронавирустун агрессивдүү эмес түрү менен көп эле кездешет.

  • Коркунучтуу вирусту таратпоонун айласы: эки шаар блокадага алынды
  • Ракты айыктыруу: британ окумуштуулары "универсалдуу ыкманы" табышты

Мутацияланган коронавирус эмнеге кооптуу?

"Коронавирус бир түрдөн экинчиге өткөндө, жаңы организмде жашап кетүүгө умтулат. Ошондой учурда вирус абдан күчтүү болот",-дейт Эндрю Истон.

Вирус жаныбардан адамга жукканда, кишинин иммунитети аны менен күрөшө албай калат. Себеби иммунитет мурда мындай вирус менен күрөшүп көргөн эмес.

Дал ушундай абалга сасык тумоонун жаңы түрүнө туш болгон адам дагы кептелет.

Сүрөттүн булагы, AFP

Ухань шаарына баргандар текшерилүүдө

Коронавирус 1918-1919-жылдары кеңири тарап, 50 миллионго чукул киши каза тапкан. Бул вирус канаттуулардан жукканы айтылат. Кытайда чыккан инфекция дал ушундай жагдайды жаратат деп айтууга эч кандай далил же негиз жок. Бир гана дарыгерлер алдын ала чараларды көрүүгө умтулууда.

Коронавирус өтө тез жайылып кетиши мүмкүнбү?

Вирус жаныбардан адамга жаңы жуккан кезде, ал тез жайылып кете албайт. Бирок жаңы организмге көнгөндөн кийин вирус тез жайылып, кооптуу жагдайды түзүшү ыктымал.

Сүрөттүн булагы, Magnum Photos

Коронавирус латынча "таажы" деген сөздөн чыккан. Анын көрүнүшү таажыга окшош

"Вирустар, анын ичинде коронавирус өтө тез мутацияланат",-дейт окумуштуу Эндрю Истон.

Ошондуктан вирус аз мөөнөттүн ичинде кеңири жайылышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жаңы вирус мутация болуп, адамдан адамга жуга баштады

"Иммунитети алсыз адамга вирус жукса, жаңы инфекция мурунку ооруларды козгойт. Ал эми иммунитети күчтүү адам вирус жукпай деле калышы мүмкүн. Айрым вирустар тез жайылат, башкалары жай. Азыркы учурда жаңы коронавирус канчалык тез же жай жайылары аныктала элек",-дейт окумуштуу.

Вирус кеңири жайылса эмне кылуу керек?

Вирустардын жайылышын токтотууга дары-дармек жардам бербей калышы ыктымал. Ага карабастан "вируска каршы күрөшкөн каражаттар абдан көп", дейт Эндрю Истон.

Вирусту жайылтпоонун оңой жолдору бар. Маселен, үйгө киргенде колду самындап жуу, көчөдө медициналык маска тагынуу.

Сүрөттүн булагы, AFP

Эң жөнөкөй ыкмалар вирустун жайылышын токтотот. Мындай учурда жеке гигиенага өзгөчө көңул буруу керек

"Гигиенанын негизги эрежелерин кармануу абдан маанилүү. Учурда инфекцияга каршы вакцина жок болгондуктан, вирус менен күрөшүүдө гигиена абдан маанилүү ролду ойнойт", -дейт британиялык окумуштуу.

Андан тышкары вирусту жуктургандарга тез жардам берүү дагы маанилүү.

Сүрөттүн булагы, AFP

Жүргүнчүлөрдү текшерүүдө атайын жабдыктар колдонулууда

"Вирусту жуктургандарды тез аныктап, аларга жардам көрсөтүү дагы вирустун жайылышын алдын алат",-деди Эндрю Истон.

SARS менен MERS коронавирустар жайылганда, мындай инфекциялардын тарап кетишин токтотуу үчүн атайын механизмдер иштелип чыгарылган. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер кооптуу вирус чыкканда кандай чараларды ишке ашыруу керек экенин так билишет.

Дарыгерлер бул механизмдер азыр пайда болгон же келечекте чыккан кооптуу вирустардын жайылышын токтото алат деп ишендирүүдө.

Башкы кабарлар

Коронавирусту жеңсе болот. Шарты барлар үйдөн чыкпаш керек, аралыкты кармап, беткап кийиш керек. Өз алдынча эмес, дарыгердин көрсөтмөсү менен дарыланыш керек. Жеке коргоочу каражаттар чынында өмүрдү сактайт. Бул тууралуу орусиялык инфекционист Фатима Хагущ айтты.

Индияда бир сутка ичинде отуз төрт миңден ашуун кишиге вирус жугуп, өлкөдө жалпысынан вируска кабылгандардын саны миллиондон ашты. Кыргыз өкмөтү Covid-19 вирусун жуктурган жарандарды каттоо боюнча ыкманы өзгөртүп, эки код киргизди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту башталышында дарылоо боюнча жапырт кеңеш берди. Оорунун белгилери пайда болгон алгачкы беш күндө активдүү дарыланып, дене тапты түшүрүп, ар кандай дарыларды алуу организмди алсыз кылары айтылды.

Читайте также: