Эмчек оорусу рак мазок

ЭМЧЕК РАГЫ ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?

Аялдар арасында кеңири жайылган оорулардын бири - эмчек рагынын айынан эмчегинен, а түгүл өмүрүнөн айрылган айымдар жок эмес. Бүгүнкү күндө эмчек рагынан толугу менен айыгуу мүмкүн. Ал үчүн ооруну күчөтүп жибербей алгачкы белгилери байкалары менен дарыгерге кайрылуу керек. Аты жаман дарт тууралуу толук маалымат алуу үчүн 49 жылдан бери маммолог кесибин аркалап келген Кыштобаев Оболбек Иманкановичке кайрылдык.

– Эмчек рагы тукум куучу оору болуп саналат экен. Дагы кандай факторлор бул оорунун пайда болушуна негиз болот?

– Туура, үй-бүлөдө апасы же таенеси рак менен ооруган болсо, анда кызы же небереси да бул оору менен ооруп калуу коркунучунда болот. Мындан тышкары эстроген гормону жогору болгон айымдар эмчектин рак оорусуна көп чалдыгышат. Эмчек рагынын пайда болушуна спирт ичимдиги жана тамеки дагы шарт түзөт. Анкени алардын курамындагы канцерогендер организмдин коргоо күчүн азайтат да, рактын пайда болушун камсыздайт. Ошондой эле, радиациялык нурлануу менен экологиянын кир болушу да таасир берет. Кант диабети, гипертония, семирүүдөн жабыркаган аялдар арасында эмчек рагына туш болгондор арбын. Аял семиргенде эстроген гормону азайбай, рак пайда болот. Көпчүлүк учурда мастопатия деген эмчек оорусу рак оорусунун пайда болушуна бирден-бир себеп болуп эсептелет.

– Мастопатия эмнеден келип чыгат?

– Аялдын гормоналдык тең салмактуулугу бузулганда пайда болуучу оору. Мында сүт бездеринин ткандарынын структурасы өзгөрөт. Башкача айтканда, сүт бездериндеги клеткалар туура эмес бөлүнүп, дөмпөкчөнү пайда кылат. Бүгүнкү күндө эмчек оорусу менен кайрылган он аялдын сегизинен дал ушул мастопатияны табуу мүмкүн. Алардын ичинен 50% кырк жаштан жогорулар болсо, 20% отуз жаштан кичүүлөр. Тилекке каршы, диагнозду уккандан кийин маани бербей жүрө беришет. Антпей дарылануу керек. Бул коркунучтуу оору деп эсептелбегени менен статистика боюнча, эки аялдын бирөөсүндө мастопатия рак оорусуна өтүшүп кетет.

– Эмчек рагынын пайда болушу аялдын өзүнө сезилеби? Анын алгачкы белгилерин кантип билсек болот?

– Бул дартка кабылгандардын көбү оору өтүшүп акыркы стадияга жетип калганда келишет. Анткени эмчек рагы башка оорулардай болуп, адамдын жанын кыйнап оорутпай туруп башталып кетет. Андыктан ар бир аял ден соолугу сак болушу үчүн, аз убактысын аянбай өзүн-өзү текшерип турушу зарыл. Ал үчүн күзгүнүн алдына туруп эмчек безинин формасын жана тери менен үрптүн тышкы көрүнүшүн караш керек. Андан кийин колду жогору көтөрүп, эмчек безин алды жагынан жана эки капталын текшерип, үч манжа менен эмчектин үстүн басып, андан кийин ар бир үрптү сөөмөй жана баш бармак менен сыгып, суюктук чыгып же чыкпасын байкоо зарыл. Эмчектин тегерегин кол менен сыйпалап тери алдынан дөмпөкчөнүн бар же жок экенин текшерүү керек. Эгерде текшерип жаткан учурда бир эмчек бези экинчисинен кичине болсо, үрптөн суюктук бөлүнүп чыкса, тери алдынан дөмпөкчө бар экени сезилсе, дароо маммолог дарыгерине кайрылуусу керек. Үрптөн тунук же саргыч суу чыкса бул оорунун башталышы, ал эми кан аралаш суюктук чыкса оору күчөп кеткенин билдирет. Оорубаган эмчек безинде эч кандай дөмпөкчө болбошу керек. Эмчектеги дөмпөкчө картошкадай болуп ары-бери жылып билинбей жүрө берет. Анын бар экенин жуунуп жатып байкап калганда гана кайрылышат.

– Оору өтүшүп кеткенде кайрылышат деп калдыңыз, кайсы стадиясы коркунучтуу болуп эсептелет?

– Эмчек рагы башка дарттардай эле бир канча стадияга бөлүнөт. Биринчи, экинчи А стадиясындагы аялдар дарыланышса, кыйынчылыгы жок сакайып кетишет. Ал эми экинчи Б стадияга кабылган 45 аял 5-10 жыл гана өмүр сүрөт. Эмчек шишиги 5 сантиметрден ашып кеткенден кийин үчүнчү стадия болуп калат. Үчүнчү стадияда дарылоо, айыгуу кыйын. Бул стадиядагы жүз оорулуунун ону гана жашап кетиши мүмкүн.

– Бул стадиялар менен кайрылган айымдар кандай жол менен дарыланат?

– Эмчектин рагын дарылоодо бир канча ыкма колдонулат. Аларга: хирургиялык жол, химиотерапия жана нур менен рак клеткаларын өлтүрүү кирет. Бул ыкмалар оорулуунун абалына, стадиясына жараша колдонулат. Ошондуктан баарына жарай берет деп түшүнбөш керек. Мурун кандай стадия болбосун, эмчек рагы деген диагноз чыгары менен эмчекти толугу менен алып салчубуз. Учурда дүйнө жүзү боюнча А стадиясында эмчекти сактап калуу мүмкүн экени далилденген. Эми рактын стадиясына жараша чара көрүлөт. Эгерде бейтаптын оорусу экинчи Б стадиясында болсо, залалдуу шишик менен бирге эмчекти алдырууга туура келет. Андыктан эмчек ооруса да, оорубаса да жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп, рактын алдын алуу мүмкүн экенин унутпаш керек. Оору күчөп кетсе метастаз пайда болуп, рак клеткалары башка органдарга да тарап кетет.

– Метастаз болуп кетсе кандай болот?

– Жогоруда айтып өткөндөй эле, дарыланбай жүрө берген учурда метастаз болуп, залалдуу шишиктин клеткалары кандын курамында сүзүп жүрүп бир жерге топтолуп калат. Көп учурда боор, мээге жана сөөктөргө барып таасир берет. Метастаз болуп кетсе дарылаш өтө кыйын болуп калат. Мындай учурда дарыгердин дагы жардамы тийбей калышы мүмкүн.

– Өтүшкөндө ооруган эмчекти алып салууга туура келет экен. Ал бейтаптын кийинки жашоосу кандай болот?

– Эмчекти алдырганда, өзгөчө үчүнчү стадияда эмчек шишигинен тышкары анын алдындагы булчуң эт дагы алынгандыктан, ошол тараптагы колу ооруп, кыймылдабай майып болуп калгандар бар. Жаны кыйналып турган адамга балалуу болуу да кыйын. Мунун айынан жакшы жашап кеткендер аз. Өмүрү кыска болуп, бир канча жылдан кийин эле каза болуп калышат.

– Кыргызстанда эмчек рагына кабылгандардын саны көппү?

– Өлкө боюнча бир жылда орточо 5-6 миң адам рак илдетине чалдыкса, анын 500-600ү эмчек рагы менен ооругандар. Батыш өлкөлөрүндө эмчек рагы көп катталат. Бирок ал жерде тез эле айыгып кетишет. Анкени ал жердин тургундары шарттуу түрдө жыл сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турушат. Бизде андай эмес. Өзгөчө айыл тургундары кыйналып жатып калмайынча дарыгерге кайрылбай жүрө беришет. Биз жылда айылдарды кыдырып текшерүү жүргүзгөндө, ар бир айылдан жок дегенде 3-4 аялда эмчек рагы бар экенин билебиз.

– Эмчек рагына кабылбаш үчүн айымдар кандай көнүгүүлөрдү жасашы керек?

– Бул үчүн атайын эрежелер жок. Бирок эмчектин рак оорусу боюнча Америка окумуштуулары изилдөө жүргүзгөндө, спорт менен машыккан, сууда сүзгөн айымдар бул илдетке чанда гана чалдыкканы байкалган. Анткени аялдар спорт менен машыкканда ургаачы гормондор азайып, эмчек рагынын пайда болуусунун алдын алат. Андыктан аялдар көбүрөөк кыймыл-аракетте болуп, пайдалуу жана активдүү жашоо образын жүргүзүүсү керек.

Эмне үчүн ар бир кыргызстандык кыз-келиндер эмчек шишигинен өлүп калышы мүмкүн экенин дарыгер Сергей Буюклянов айтып берди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы интернеттен аялдардын эмчек безинин шишик оорусу жөн эле капа болгондон, стресстен пайда болушу мүмкүндүгүн окуп алып өзү стресс болгон. Интернеттеги аты аталбаган билермандардын сөзүн текшериш үчүн ал Улуттук онкология борборунун алдындагы Маммология борборунун адиси Сергей Буюкляновго кайрылып маектешип келди.

— Бардык онкологиялык оорулардын ичинен көкүрөктүн шишиги эң коркунучтуу деп уккам. Ушул чынбы?

— Албетте. Онкологиялык оорулардын ичинен эң кеңири тараганы ушул эмчек безинин рагы. Кыргызстанда аялдар европалык же америкалык аялдарга караганда көкүрөктүн шишиги менен азыраак ооруганына карабай, бул дарттан өлгөндөрдүн саны бизде жогору.

Өнүккөн өлкөлөрдө сени оорудан арылтуу мүмкүнчүлүгү 90 пайызды түзөт! Ал жакта заманбап жабдыктар да бар, каржылоо жагы да жакшы. Алардын супермаркеттеринде эле медициналык кароодон өтсө боло турган атайын кабинкалар бар! Ошон үчүн аларда Кыргызстанга караганда ракты баштапкы мезгилинде эле аныкташат.

Бизде болсо аялдардын 60 пайызы шишиги 3-4 баскычка жеткенде келишет. Аларды дарылап айыктыруу мүмкүн эмес.

— Эмне үчүн кыргызстандык кыз-келиндер дарыгерге кеч кайрылышат?

Эң башкысы, жер-жерлерде жакшы жабдуулар жетишсиз. Маммология борборунда бүтүндөй республикага эсептелген төрт гана аппарат бар. Ошонун айынан кабинеттин оозунда күн сайын эл толтура. Биз аркылуу күн сайын жүздөгөн бейтаптар өтүп, алардын аягы эч үзүлбөйт.

Кезеги жетпей калгандар, күн санап күтүп тура беришет. Ал арада оорудан сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү кыскара берет.

— Маммологдордун буга кантип алы жетип жатат? Баары бир дарылаш керек, кудайдан тилеп отура бергендин пайдасы жок да.

— Маммология борборундагы жабдууну мамлекет берген эмес. Маммологдор эки жыл бою грант үчүн алышып жүрүп, Япония элчилигинен 150 миң доллар алганбыз. Ошол акчага жабдуу сатып алдык.

Биз облустарды да демөөрчүлөрдүн акчасына кыдырабыз. Жөн гана аялдарды сактап калыш үчүн! Өткөн жылы 15-20 миң кыргызстандык кыз-келинди кароодон өткөрдүк.

Эгер мамлекет каражат толук бөлүп бергенде, Кыргызстандын аялдарын жапырт кароодон өткөрүүнү биз тез-тез уюштуруп турмакпыз. Канча айымдын өмүрүн сактап калат элек, эсептеп көрүңүз.

— Аймактардагы аялдар Бишкекке дарыланууну каалашабы?

— Албетте! Ден соолугунда мандеми табылган аялдардын 95 пайызы облустардан шаарга келишет. Биз командировкадан келгенче эле алар бизди борбордо күтүп турушат!

Алар келип дарыланып, айыгыш үчүн колундагы, үстүндөгү чапанын сатып жиберип келишет. Шаардык аялдар өзүлөрүнө андан начар карашат. Ден соолугуна маани бербей жүрө беришет да, өпкөсүнө, бооруна, сөөгүнө өтүп кеткен метастазалар менен, дарылоого такыр үмүт жок калганда, келишет.

Ден соолукка көңүл бурса, рактан өлүп калуу коркунучу азаймак.

— Дартты 1-баскычта "кармап калыш" үчүн канча убакытта бир жана кайсы куракта кароодон өтүш керек?

— Өзүн сыйлаган аял жок дегенде жылына бир жолу маммологго кайрылышы керек. 20 жаштан кийин ар бири УЗИден өткөнү туура. Ал эми 35 жаштан тарта аял маммографиялык кароодон өтүшү керек.

— Эмчек безинин шишиги эмнеден башталат?

Ошондой эле мастопатиянын түрдүү формалары да эмчек безинин шишигине алып келүү коркунучу жогору. Кыргызстанда аялдардын 80 пайызы мастопатия менен ооруйт! Бул түрдүү себептерден пайда болчу дарт: калкан безинин, боордун, урук бездеринин оорусунан, кант диабетинен, ошондой эле тамеки чегүүдөн, туура эмес жашоодон, стресстерден пайда боло берет.

— Мастопатияны кантип билсе болот?

— Анын 40ка жакын түрү бар, андыктан анын биринчи белгилерин күтүп отуруунун кереги жок. Маммологго үзгүлтүксүз келип көрүнүп туруш керек. Көпчүлүк аялдар китепчени окуп коюп, көңүлдөрү тынып калат. Оорубаган күндө да, сиздин денеңиз сак дегенди билдирбейт!

— Аялдар оорусун өтүштүрүп жиберсе, сөзсүз хирургиялык жол менен дарылайбы?

— Албетте. Кыргызстанда аялдардын эмчегин күн сайын кесишет. Жылына 500гө жакын операция жасалат.

— Көкүрөгүн алдырып салып жашаш коркунучтуубу?

— Жок, эң коркунучтуусу бул эмес. Акча болсо, кескенден бир нече жылдан кийин пластикалык операция жасатып алса болот. Анан калса, асимметрияны жашыра турган бюстгальтерлер толуп жатат.

Эң коркунучтуусу — үй-бүлөңдүн тетири карап кетиши. Мындай оорулуулардын көбүн күйөөлөрү таштап, үй-бүлөсү, туугандары карабай коёт. Ушул жумушта иштеп жүрүп аялы менен аягына чейин калар-калбасын күйөөсүнүн көзүнөн аныктаганды да үйрөнүп алдым.

Мындай оор учурда күйөөсү таштап кеткен аялдын кайгы-муңун сүрөттөш кыйын. Бактысыз адамдын сакайып кетиши да оорураак болот… Албетте, андай аялдарга психологиялык, экономикалык жардам берчү коомдук фонддор бар. Бирок жакыныңдын сүйүүсүн эмне алмаштыра алат дейсиз?

№793 12-18-январь, 2018-жыл

Бишкектеги Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбордун алдындагы Маммологиялык борбордун хирургия бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты Сергей Буюклянов эмчектин рак жана мастопатия оорулары тууралуу маалымат берет.

ЭМЧЕК ГОРМОНДОРГО КӨЗ КАРАНДЫ БОЛГОН ОРГАН.

РАК ООРУСУ
Дарттын белгилери:

• Эмчектин бири чоңоюп, ылдый болуп калат.
• Үрптүн тегерегинде бүдүрлүү темгилдер болот.
• Бир же эки үрптөн тең суюктук чыгат.
• Үрптүн тегерегинде чуңкурча же бүгүштөр жаралат.
• Эмчек ткандары калыңдайт, текшергенде шишиктин бар экени билинет.
• Дамамат оорутуу байкалат.

• Эрте бойго бүтүү.
• Семирип кетүү.
• Бат-баттан аборт жасатуу.
• Аз төрөт.
• Бойго бүтүрбөөчү гормоналдык каражаттарды өз алдынча колдонуу.
• Эмчекке коюлуучу имплантаттар.
• Тукум куучулук.
• Ичкилик ичүү жана тамеки тартуу.

МАСТОПАТИЯ
Мунун 2 түрү бар.
Диффуздуу түрүнүн белгилери:

• Алгачкы убактарда этек кир келерден бир нече күн мурун эмчек бир аз шишип, оорутат.
• Эмчектин ткандары калыңдайт, майда бүдүрчөлөр жаралат.
• Этек кир келип бүткөндөн кийин оорутпай калат, эмчек калыбына келет.
• Кийинчерээк этек кир бүткөндөн кийин деле эмчек жумшарбаган бойдон калып баштайт.
• Оорутуу сакталат.
• Эмчектен суюктуктун чыгуусу мүмкүн.

• Организмде эстроген гормонунун көбөйүшү.
• Улам-улам аборт жасатуу.
• Этек кирдин эрте келиши.
• 30 жашка чейин төрөбөө, стресс.
• Эмчектен жаракат алуу (жыгылып, кулап).
• Бойго бүтүрбөөчү гормоналдык каражаттарды өз алдынча колдонуу.
• Ички бездердин (калкан сымал бездин, эн безинин жана башка) оорулары.
• Жатындын миомасы.

Эскертүү: Эгер дарылабаса дарт түйүндүү мастопатияга өтүп кетет.

ТҮЙҮНДҮҮ (УЗЛОВАЯ) МАСТОПАТИЯ.

• Эмчектин ткандарынын калыңдоосу күчөйт.
• Оорутуу басылбай баштайт.
• Эмчекте 1 эле чоң түйүн болот.

"АБОРТ – ЭМЧЕК ООРУЛАРЫНЫН КҮНӨӨКӨРҮ"

– Сергей мырза, өлкөдө 1 жылда канча аял эмчектин рак илдетине кабылат?
– 1 жылда 1000дей аял эмчектин рагы менен ооруса, анын ичинен 400дөйү көз жумат. Биздин маммологиялык борбордо 2017-жылы 805 аялга, анын ичинде эмчектин залалдуу шишигине 200, залалдуу эмес шишигине 605 операция жасалды. Мурун залалдуу шишик менен ооругандардын эмчегин толук кесип салсак, кийинки кездерде ракты гана алып, эмчекти болушунча сактап калууга өтүп жатабыз. Буга, албетте, медицина менен техниканын өнүгүшү себепкер.
Рактын 4 стадиясы бар.
I-II стадиясында аялдардын 98 пайызын айыктырууга болот. III-IV стадиясында рак коңшу органдарга чейин тарап (метастаз) баштаган же тарап кеткен болот. Андыктан бул стадиядагылардын өмүрүн узартып гана тура албасаң, өмүрүн сактап кала албайсың.

– Рак илдети кийинки жылдарда жашарып баратканы билинүүдө.
– Ооба, дарт 10-15 жашка жашарды. 20 жаштан тартып карыларга чейин ооруп жатышат. Өткөн жылы бизге 20-22 жаштардагы 3 кыз рак менен келди. Менин тажрыйбамда велосипед тээп баратып кулап, кийин жаракат алган жерине рак өсүп кеткен кыз кездешкен. Андыктан жаракат алганда врачка сөзсүз текшерилүү кажет.
Азыркы кезде жаштар жыныстык жашоону эрте баштап жатышат. Сактанууну билбеген, үй-бүлө курууга даяр эмес кыздар, албетте, боюнан алдырышат. Алардын кээ бирлери, ошондой эле карьера жасайм деген айрым келиндер абортту улам-улам жасатышат. Мунун жыйынтыгында гормондордун тең салмагы бузулуп отуруп ракка чейин жеткирүүдө.
Учурда жаштар да, улуулар да кофе, кара шоколад, майлуу тамак дегендерди көп жеп-ичишет. Аталган азыктар жана буурчакты көп колдонгондо организмдеги эстроген гормону (аялдардын эн бези иштеп чыгарат) көбөйүп кетип, мастопатияны, ракты күчөтөт. Демек, кимде мастопатия болсо, аталган азыктарды өтө аз, ал эми рак болсо таптакыр колдонбоо керек.
Эмчек имплантатынын сапатсызы коркунучтуу. Имплантатты мындан кийин төрөбөйм дегендер, эмчегинин бири тубаса кичинелер, рактан улам эмчегин кестирип салгандар колдонсо оң.
Тамеки тарткан кыз-келиндер да көбөйдү. Аларда жүрүп отуруп эмнеге эмчектин рагы жаралат? Анткени тамеки тарткандарда ракты жаратуучу стресс гормону – катехоламин көбүрөөк бөлүнүп чыгат. Андыктан тамеки тартпоо зарыл.

– Анда кайсы азыктарды рак менен мастопатиянын алдын алуу, эгер оорулар бар болсо, өркүндөтпөй кармап туруу үчүн жеп-ичсе болот?
– Организмдеги эстроген гормонунун ашыкчасын чыгарып турчу азыктарды: алма, сабиз, кызылча, капуста, помидор, болгар калемпири, көк чай, шалгам, чамгырды дайыма жеши зарыл.

– Рак оорусуна диагноз коюу үчүн эмнелер керек?
– Биопсия (рак клеткасынан кичине үзүп алып, текшерүү) , маммография, УЗИ, магниттик-резонанстык томография сыяктуулар керектелет. Айта кетчү нерсе, 30 жашка чейинкилер эмчегин УЗИде, 30 жаштан кийин маммограф аппаратына 1 жылда 2 ирет текшерилүү медицинанын талабы.

– Дарылоо кандайча жүргүзүлөт?
– Дарылоодо нур терапиясы, химиялык терапия (дары-дармек менен) жана операциялык жол бар. Оорунун стадиясына жана рактын келип чыгуу себебине жараша аталгандардын бири же экөөсү тандалып алынат. Иммунитетти көтөрүүчү каражаттар да сунушталат. Аял ысыкта жүрбөй, күнгө кактанбай, кыскасы, врачтын айткандарын сактоосу зарыл.

– Кээ бирлер мастопатияда эмчегине капуста тартышат. Жардам береби?
– Капуста эмчектин калыңдап, катуулап кеткен ткандарын кандайдыр бир деңгээлде жумшартат. Бирок айыгууга жардам бербейт. Элдик дарыгерлерге ишенип алардан дарылануу – убакыттан утулуу. Ошентип бизге кеч келишип, эрте көз жумууга аргасыз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..

Рак ооруларынын алдын алса болобу?

Рак бир эле оору эмес, бул онкологиялык оорулар тобунун жалпы аталышы. Бул терминди биз адатта өлүмгө чыккан өкүм катары кабыл алабыз, бирок залалдуу шишиктердин бардыгы эле өлүм менен аяктабашын заманбап медицина далилдеди. Адистердин айтымында, биздин ар бирибиздин организмибизде маал-маалы менен рак клеткалары, ал эле эмес, майда шишиктер пайда болуп турат экен. Бирок алар шишикке каршы турган иммунитеттин аракети менен кайра жок болуп кетет. Ал эми залалдуу шишиктердин өмүрү узун болот жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

“Эмчек рагы - гормоналдык бузулуулардан улам сүт безинде пайда болгон шишик” деп окумуштуулар айтып келишет. Бирок буга так аныктама азырынча бериле элек. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул ооруга кабылгандардын басымдуу бөлүгүн жалгыз бой аялдар түзөт. Сүт безинин рагына кабылбаш үчүн эстроген гормонунун таасирин азайтуу керек. Аялзаты кош бойлуу кезинде анын гормондорунда эстроген таасири аз болот. Мындан тышкары эмчек эмизүүдө эстроген деңгээли аз сакталат да, эне сүт безинин рагына кабылбайт.

Эмчек рагына кандай белгилер мүнөздүү?

• Эмчектеги же колтук алдындагы шишик;

• Сүт безинин өзгөчө катуу болушу жана сол же оң жак эмчектин көлөмүнүн өзгөрүшү;

• Эмчектин терисинин шишик тартып кызарып калышы;

• Эмчектин айыз келбеген учурда да оорусу;

• Үрптүн ичине кирип турган абалы;

• Үрптөн кан аралаш суюктуктун чыгышы;

• Бүдүр болуп кызарган темгилдер же үрптүн тегерегинин карттанып калышы;

Боор рагы боор клеткасында башталат. Ал боордон тышкары ага жакын жаткан лимфалык бездерге, ошондой эле сөөккө жана өпкөгө да жайылышы мүмкүн. В же С гепатити, боордун циррозу, алкоголдук ичимдиктер жана боордо ашыкча темирдин топтолушу боор рагына алып келиши мүмкүн.

Боор рагына кандай белгилер мүнөздүү?

Боор рагын кээде “унчукпаган оору” деп да аташат, себеби эрте баскычында көбүнчө оору белгилери болот же таптакыр эле болбойт. Рактын өнүгүүсүнө карай төмөндөгү белгилери болуусу мүмкүн:

• Оң жактагы ички көңдөйдүн жогорку бөлүгүндө оору пайда болуусу, бул оорунун далыга жана ийинге берилиши;

• Адамдын арыктоосу жана тамакка болгон табиттин жоголуусу;

• Алсыздык, себепсиз чарчоо, ич өтүү жана кусуу;

• Өңдүн жана көздүн агынын саргайышы, зааранын кочкул түскө өтүшү;

Бул белгилер сөзсүз түрдө боор рагынын эмес, боордун башка ооруларына да тиешелүү белгилер болушу мүмкүн.

Өпкөдө ракты пайда кылуучу факторлорго тамекинин түтүнү, тамеки тартуу, шахталардан чыкчу радон аттуу радиоактивдүү газ, булганган аба кирет. Булганган аба менен өзгөчө тамеки тарткандар дем алса рак илдети менен бат ооруп калышы мүмкүн. Мындан тышкары химиялык өнөр жайларда иштеген адамдарда өпкө рагы менен ооруп калуу коркунучу жогору.

Өпкө рагына кандай белгилер мүнөздүү?

Өпкө рагынын эрте баскычынын эч кандай белгилери билинбейт. Бирок шишиктин көлөмү өсүп баратканда төмөндөгү белгилер байкалат:

• Жөтөл катуулап токтобойт жана кетпейт;

• Дем алуунун кысылуусу, демигүү;

• Көкүрөктүн дайым оорусу жана жөтөлгөндө кандын пайда болуусу;

• Үндүн кыркырап калышы жана өпкөнүн жугуштуу оорусу, мисалы, пневмониянын пайда болушу;

• Дайыма чарчоонун белгиси менен бирге белгисиз себептен улам салмактын азайышы;

Эскертүү: Өпкө рагы менен ооруп айыккан адамдар ар бир белгилүү бир мезгил ичинде текшерилип туруусу керек. Өпкө шишиги айыккандан кийин да пайда болуусу мүмкүн, же өпкөнүн башка жеринде пайда болушу ыктымал.

Ашказан рагына кандай белгилер мүнөздүү?

Ашказан рагы жаңыдан башталганда белгилүү бир белгилери билинбейт, бирок оору өөрчүгөн сайын төмөнкүдөй белгилер пайда боло баштайт:

• Ичтин өйдө жагынын оорушу жана көңүл айланып кусуу;

• Бир аз тамак ичкенде эле ашказандын тойгонсуган абалда болушу же ичтин көбүшү;

• Тамакка болгон табиттин азайып, адамдын арыктоосу;

Папиллома вирусун жуктуруп алган айымдарда жатын моюнчасынын шишигинин пайда болуу коркунучу жогору. Папиллома вирусу - кадимки эле кеңири тараган инфекция. Бул вирус аялдарга жыныстык жол аркылуу жугат. Жыныстык мамилени эрте баштаган жана бир нече сексуалдык өнөктөшү бар аялдар папиллома вирусуна жана жатын моюнчасынын шишигине чалдыгышы мүмкүн. Бойго болтурбоочу каражаттарды узак убакыт аралыкта кабыл алуу, ар дайым тамеки тартуу жатын моюнчасынын шишигинин өнүгүү коркунучун жогорулатат.

Жатындын рагына кандай белгилер мүнөздүү?

Эскертүү: Өзгөрүүлөрдү эрте табуу үчүн 25-65 жаштардагы аялдар текшерилип турушу зарыл. 25 жаштан төмөнкү курактагы аялдарда жатын моюнчасынын шишиги кездешпейт. Мындай текшерилүү жыныстык жашоону баштай элек кыздар үчүн да кереги жок.

Бир топ күндөн соң жаңы - 2018-жылдын келүүсү күтүлүүдө. Бул жылы өлкөбүздө кандай окуялардын болору сизге да кызык болсо, көзү ачыктардын төлгө ташына көңүлүңүздү бурабыз.

Бүгүн ушул мезгилде жандануучу оору аталган гайморит тууралуу сөз кылабыз. Дарттын күңгөй-тескейи, келип чыгышы жана алдын алуунун жолдору кызыктырган болсо, анда кийинки макала сиз үчүн.

Суперстан

Имбирь- ашказанга чон пайдасын тийгизет.2000 жылдардан бери Кытайда конул айланууга каршы колдонуп келишет.Кургак, жаны имбирди шорпого,экинчи тамактарга кошсо болот.М:гуручко, чайг

Кунуно 4гр. ашпаш керек.

Белокту эттен же сут азыктарынан башка Бадамдын майынан же чечевицадан да алсак болот.

Чечевица -майда тууралган сабизге аралаштырып, май куйсан, жонокой,эн пайдалуу салат пайда болот.кунуно 50гр.

Сарымсак (чеснок)-курамында аллицин, аллилсульфид бар.Булар рак оорусунун клеткаларын олтурот.Аллицин абанын жардамында пайда болот.Ошондуктан сарымсакты майда туурагандан кийин 10 мунот тыныктырып анан тамака кошсо болот.Кунуно 3 болуктон жеш керек.

Бадам майы-(Миндальное масло)- бул белоктун таттуу булагы.Бадамдын курамында бензальдегиддер бар.Алар рак клеткаларынын кобойушуно богот коет.

Кунуно 2 чай кашык;200 ккал

Жана дагы телефондон да болот экен э. сен озун айтмакчы.

Жана дагы телефондон да болот экен э. сен озун айтмакчы.

Уйюлдук телефондон кичинекей балдарда мээнин рак ооруусу болот, чон кишилерге болсо - таасири далелдене элек

Билдирүүнү түзөткөн: Султан: 26 Март 2010 - 14:56

Эн негизгиси рак учун болуп кетпеш учун хрониклык оруларды дарылап туруш керек жана жылына бир жолу текшерилиш керек.

Рак оорусу улут менен, гендер менен байланышы коп. Маселе америкада эн коп ичеги менен простата рак оорусу кездешет, СССР олколорундо Ашказан менен опко, Каспий денизинин тегереги - кызыл онгоч рак оорусу, Япония - ашказан.

Ал гормондор качан бузулат - кайта эле алкоголь ичимдиктеринен, аборт жасаганда - аябай катуу гормоналдык дисбаланс болот, постинор деген даары бар - аялдар аны противозачаточный даары катары колдонот - ал дагы дисбаланс кылат.

Бирок 100% мына бул учун болт миома деген маалымат жок, бирок егер миомасы болгон аялдарды статистикалык обработка кылса, алардын кобу алкоголь ичкен, же болбосо аборт коп жасашкан болуп чыгат.

Аябай пайдалуу маалымат бергениниз учун чоон рахмат.

Башка органдардын ракка чалдыгуусунан да, мееде шишиктин пайда болуусу тез болот экен да, тез онугот экен, себеби меенин шишиги 99% злокачественный (кыргызчасын билбедим кечиресиздер) болот экен да тез таркайт экен. Эгерде учурунда байкалбай калган болсо, ооруган кишинин омуру 2 жылга чейин гана уланат экен.

. ар оорудан алыс журолучу деги.

– Экологиянын бузулушу, адамдагы жаман адаттар: тамеки тартуу, ичкилик менен боёк кошулуп газдалган суусундуктарды көп ичүү, фаст-фудду жана грилде бышкан азыктарды көп колдонуу рактын көбөйүшүнө алып келүүдө. Кытайдан чыгарылган арзан кийимдер жана арзан идиштерди колдонуу (буларда ракка алып келүүчү химиялык кошулмалар көп), дарыга бышкан, ошондой эле дары менен сакталган жашылча-жемиштер, күндө көп жүрүү да рактын себепкерлери.

Статистикага кайрылсак, биздин бейтапканага 2009-жылы 34 281 адам кайрылып, мунун 5713ү жатып дарыланып чыккан. Мисалы, ашказан рагынан 441 адам, эмчек рагы менен 446 адам, жатын моюнчасынын рагы менен 378 адам.

Ичкиликти, катуу сырдын жана майлуу колбаса түрлөрүн, малдын майын, кант менен тузду, грилде бышкан тоок этин, тез даярдалуучу азыктарды (хот-дог, гамбургер, чипсы) көп колдонуу рактын пайда болушун шарттайт.

Тамак-аштарга кошулуучу боёктор, даам берүүчү заттар да рактын пайда болушуна себепкер. Андыктан “Кока-Кола”, “Фантаны” аз ичүү, балдарга түркүн түстөгү Кытайдан чыгарылган суусундуктарды бербөө сунушталат.

Зыгырдын уругу жана майы, зайтун майы, чычырканак ашы жана майы.

Жашылчалар (өзгөчө броколли капустасы, помидор, сарымсак, баклажан, шалгам, түрп, ашкабак, болгар калемпири, пияз, петрушка, имбирь).

Жемиштер (өзгөчө курма, авокадо, киви, грейпфрут, кулпунай, апельсин, дан куурай).

Данек жана жаңгак түрлөрү (бадам, өрүк данеги, фундук, ашкабак жана күн карама данеги).

Акшактар (күрүч, гречка, акталган буудай, таруу ж.б.)

Деңиз азыктары (рак, креветки ж.б.)

jalgyz_kyz (26 Апрель 2007 #045; 19#58;57) жазган:

ИЧ КАТУУ РАК ООРУСУНА ЖЕТКИРЕТ

Ич катуу – негизинен аз кыймылдуулук менен туура эмес тамактануудан чыгат. Ал эми өнөкөт ич катууда түрдүү ооруларга, анын ичинде рак оорусуна чалдыгуу коркунучу бар. Бул тема боюнча кененирээк маалымат.

Ич катуу дегенде, заңдардын ичегиде узакка туруп калуусун же ичегинин начар иштөөсүн түшүнөбүз. Жоон ичегиде заңдын топтолуп калуусу ичегинин чоюлуп, формасын жана өлчөмүн жоготуусуна жеткирет. Мунун айынан ички органдар кысылып, жакшы иштей албай калат.

Ич катуунун өтүшүп кетишинин белгилери: Оор дем алуу, тилдин үстүн кебер басуу, бат чарчоо, теринин жана чачтын өңүнүн бузулушу, безеткинин чыгышы, теринин кургак тартышы эсептелет.

Ошондой эле баш оору күчөп, маанай чөгүп, эс-тутум начарлап, жүрөктүн согушу өзгөрүп, ооздо жагымсыз жыт пайда болот. Кээде көңүл айлануу, кусуу, зарына да байкалат. Ич катканда адам ыйына берип геморройго да чалдыгат.

Ич катуунун себептери толтура. Антсе да негизги себептери төмөнкүлөр:

Туура эмес тамактануу;

Ички бездердин иштөөсүнүн бузулушу ж.б.

Тамеки тартуу жана баңгизатын колдонуу;

Эң жөнөкөй ыкманын бири. Чийки кызылчаны көзү майда сүргүчтөн өткөрүп, ширесин сыгып алуу кажет. 50 грамм ширенин үстүнө 50 грамм айранды кошуп, 3 саат коюп коёбуз. Дары-аралашма ичүүгө даяр.

Дарылануу курсу 1 ай. Муну колдонгон соң ичегилер калыптагыдай иштеп калат. Бул ичегиге гана жардам бербестен, боордун да иштөөсүн жакшыртат.

2 аш кашык сулунун үстүнө 300 грамм ысык суу куюп, кайнатуу керек. Анан аны сүзүп алып, суусун 50 граммдан ичүү кажет. 5 күн кайталаса жетиштүү.

Инжир менен алкорунун (кара өрүк) кагынын үстүнө кайнак суу куюп, түнү менен тыныктыруу кажет. Эртеси аз-аздан иче берсе болот. Канча күн ичсе да уруксат.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 20 Ноябрь - 23:16

Читайте также: