Рак оорусу эмнеден пайда

Кезектеги макалада "рак оорусу кантип пайда болот", деги эле онкологиялык оорулардын башаты эмнеде? Онкологиялык оорлар организмдин ички жана тышкы элиниминация факторлорунун натыйжасы. Рак оорусуна жакындык адамдарда генетикалык жактан, өзүн-өзү алып жүрүү, адам тарбиясы менен шартталат, ал эми оору өзү айлана чөйрөнүн канцерогендик факторлору менен башталат. Бирок эффективдүү иш-аракеттер ылайыктуу эмес генетикалуу адамдарда онкологиянын пайда болуусун алдын алат. Муну менен бир уруктуу эгиздердин бирөөсү рак оорусу менен ооруп калуусу түшүндүрүлөт. изилдөөлөр көрсөткөндөй өзүн-өзү алып жүрүүнүн эффективдү болбошу алардын жашоодон ырахат ала албай, стресс абалда жашоосу болгон. Макала абдан түшүнүксүз болуп жатса керек, аягына чейин окуй берсеңиз кичине түшүнүктүү болот. Айла жок абалда болуу, терс эмоционалдык санаалар, депрессиялар, психикалык травмалар, кор болгон күн тартиби, зыяндуу адаттар, туура эмес тамактануу, начар экология - ушунун баары жана башкалар адамдын психикалык жана физикалык кубатын жок кылат. Тышкы факторлорго туура эмес таасирденип, өзүнүн психикалык абалын башкара албай, стресстик абалдан чыга албай, турмуштун ырахатына бата албаган адамдар бул оору алдында абдан алсыз болот. Эмнеге мындай болот? Жообу эң жөнөкөй: стресске алсыз болгон адамдардын мээсине (борбордук нерв системасы) организмде болуп жаткан процесстерди башкарууга мээсинин ресурсу жетишпей баштайт, анткени мындай адамдар стресстик кырдаалдардан кантип чыгуунунун үстүндө дайыма изденүүдө болот, дагы болгон энергиясын ушуга жумшай берет.

Онкологиялык оорулардын пайда болуусундагы вегетативдик нерв системасынын функцияларынын бузулушу маанилүү рол ойноорун 20-кылымдын экинчи жарымында америкалык окумуштуулар Карл жана Стефани Саймондор аныктап, тастыкташкан. Бул изилдөөлөр үчүн алар Нобель сыйлыгын алышкан. "рак оорусу кантип пайда болот" деген суроого аз да болсо, илимий жактагы жооп кыскачасы.

Билесиңерби, адам баласынын организминде ар бир секунда сайын бир нече мутанттык клеткалар пайда болот. Элестеткиле, күн сайын ар бирибизде миллиондогон клеткалар пайда болуп зыяндуу шишиктер менен биригип бизди өлүмгө учуратышы мүмкүн. Бирок рак оорусу менен баары эле ооруй бербейт. Эмнеге? бул макаланын башында айтылып өткөн жашоо шарттары менен шартталат. Туура иштеген мээ - организмде болуп жаткан бардык процесстерди башкарат - дайыма иммундук жана эндокриндик системаны башкарат, туура иштеген мээ мутант-клеткаларды жок кылууга жоопкерчиликтүү. Туура иштеген мээ организмде өлүмгө учуратуучу шишиктерге жол бербейт.

Эгер мээ өз функциясын эффективдүү акткара албай калганда Карл жана Стефани аныктаган онкологиянын өнүгүү модели жакшы көрсөтүп турат.

Бул моделди жөнөкөйлөштүрүп караганда ал мындай:
1.Стресстерден биздин мээ туура эмес иштеп баштайт.
2.Иммунитет мээ тарабынан туура көзөмөлдөнбөй, ал дагы туура эмес иштеп баштайт.
3.Адам организминде дайыма пайда болуп туруучу рак клеткалары иммунитет тарабынан жок кылынбай, шишик түрүндө чогулат.
4.Анан рак оорусу

Рак оорусунун, негизи онкологиялык оорулардын ушундай мүнөздө пайда болуу табияты бар экен, "рак оорусу кантип пайда болот" дегенде бирден-бир стресс себепчи экенине ынандык. Ал эми бул ооруну кандай даарылоо керек, бул оорунун түрлөрү кандай, бул башка кеп. Рак оорусу жонундо маалымат ушундай, рак оорусу деген эмне суроосуна эми жоопти сиз билесиз.






№232 13-19-апрель, 2007-ж.

Рак – бул организмдин каалаган бөлүгүн дартка чалдыктыруучу 100дөн ашык оорунун жалпы аталышы. Шишик кайсы органда пайда болгонуна карап, ошол органдын рагы деген аталышка ээ болот. Мисалы, теринин рагы, кандын рагы, ашказандын рагы. Оорунун аталышы шишик рактын буттары сымал тегерегиндеги клеткаларды да чапчып, жайылып өскөндүгүнөн улам аталган.
Ракты онкология илими изилдейт. Статистикага таянсак, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча болжол менен 10 миллионго жакын адам рак менен жабыркап, алардын 8 миллиону бул оорудан көз жумат.

РАКТЫН БӨЛҮНҮШҮ
Рак залалдуу жана залалсыз болуп экиге бөлүнөт. Залалдуу шишик залалсыз шишикке караганда бат өсөт жана дарылоо кыйынга турат . Залалсыз шишикке кабылгандардын 95 пайызынын заманбап дарылоо ыкмаларынын арты менен толук сакайып кетүүгө мүмкүн­чүлүктөрү бар.
Рак узак стадиялуу оору. Өпкөдөгү, ашказандагы, сүт безиндеги (эмчектин) шишиктин диаметри жагынан 1-1,5 сантиметрге өсүп жетилиши үчүн 5-10 жыл керектелет.

ОРГАНДАР КӨБҮНЧӨ РАККА ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КАБЫЛАТ?

Ашказан алдындагы бездин рагы
Бул адамдар тамак-ашка малдын этин жана алардын майын көп колдонгондо келип чыгат. Андыктан, эт-майды азыраак колдонуу керек экендигин унутпаңыз!

Табарсыктын рагы
Окумуштуулардын изил­дөө­сүнө караганда, бул оорунун келип чыгышынын бир себеби тамекини көп чегүүдөн болот.

Ашказан рагы
Тамак-ашка крахмалды (нан, картошка, ун азыктары) көп колдонуп, ал эми жашылча-жемиштерди аз колдонгон жарандар ооруйт.
Тез даярдалуучу азыктар, мисалы, чизбургер, хот-дог жана куурдак, шишкебектер да ашказанды дүүлүктүрүп, бул тамактарды көп колдонуудан рак келип чыгышы мүмкүн.

Урук чыктагыч безинин рагы
Рактын келип чыгышынын башкы себеби – малдын майын көп колдонууга ыктоо. Анткени, малдын майы кандагы жыныс гормонунун деңгээлин жогорулатып, рактын чыгышын шарттайт. Андыктан, оорунун алдын-алуу үчүн тамак-ашка өсүмдүк майы менен балыктын майын көп колдонуу туура.

Сүт безинин (эмчектин) рагы
Рактын бул түрүнүн пайда болушун жыныс гормону эстроген шарттайт. Аял кеч төрөсө эмчектин рагына кабылышы мүмкүн. Мисалы, 18 жашында төрөгөндөргө караганда 30 жашында төрөгөндөрдө бул оору 3 эсе көп кездешет. Мунун себеби, курсактагы түйүлдүк аялды рактан сактоочу белокту иштеп чыгара тургандыгы менен түшүндүрүлөт.

Жумуртка безинин рагы
Көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдүн эркектери оорушат. Оорунун эмнеден келип чыгаарлыгы али толук изилденип чыга элек.

Нур терапиясы
Бул шишикти рентген нурлары менен нурдандыруу. Мында рак­тын клеткалары өлүп, организмдин клет­калары зыянга учурабастан калат.

Химия терапиясы
Бул шишикти химиялык дарылардын таасири менен шишиктин өсүү­сүн басаңдатып, токтотуп, жок кылуу.

Гормон терапиясы
Эмчектин рагы менен урук чыктагыч безинин рагын айыктырууда гормоналдык дарылар кеңири кол­донулат.

Операция
Шишик кесилип, алынып салынат.Операциядан соң адам айыккыча дарыгердин кө­зө­­мөлүндө болот.

РАККА ЧАЛДЫККАНДАГЫ БАШКЫ БЕЛГИЛЕР
Рак клеткалары адамдын абалын начарлатып, шалдыроого, табиттин жоголушуна, арыктоого алып ке­лүүчү уу заттарды бөлүп чыгарат. Ошондуктан, адам жогорудай аталган абалга кабылса, сөзсүз дарыгерге кайрылып текшерилүүсү керек. Бул адамда рак оорусу бар болсо, убакытты өткөрбөй дарылоо үчүн мүмкүндүк керек.

РАКТЫН АЛДЫН-АЛУУ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР
Тамак-ашка жашылча-жемишти, өзгөчө алманы, күрүчтү, капустаны, пиязды көп колдонуп, тамеки тартуу, ичкилик ичүү сыяктуу жаман адаттарды таштоо зарыл. Терини күндүн зыяндуу нурларынан коргоо кажет. Ал үчүн күнгө күйүүнүн ченемин билип, ачык күн алдында денени узакка алып жүрбөө зарыл.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рактын пайда болушу

Рак — бул организмдин каалаган бөлүгүн дартка чалдыктыруучу 100дөн ашык оорунун жалпы аталышы. Шишик кайсы органда пайда болгонун карап, ошол органдын рагы деген аталышка ээ болот. Мисалы, теринин рагы, кандын рагы ж.б. болуп бөлүнөт. Оорунун аталышы шишиктин рактын буттары сымал тегерегиндеги клеткаларды да чапчып, жайылып өскөндүгүнөн улам аталган.

Ракты онкология илими изилдейт. Статистикага таянсак, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча болжол менен он миллионго жакын адам рак илдетинен жабыркап, алардын 8 миллиону бул оорудан көз жумат.


Рак бир гана клеткадан өсүп чыгат. Адамдын организми болжол менен 15 миллион клеткадан турат. Нормалдуу клеткалар мыйзам ченемдүүлүк менен өсөт, бөлүнүп, көбөйөт жана убактысы келгенде өлөт. Клетканын бөлүнүп, көбөйүшү клеткалардын өлгөн санына жараша болот. Бул процесс организм тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турат. Ал эми клетканын бөлүнүп, көбөйүүсү жана өсүүсү бир органда тезирээк, экинчисинде жайыраак журөт.

Өзгөчө териде, ичегиде, лимфатикалык системада, сөөктө клеткалардын өсүп, бөлүнүп, көбөйүшү батыраак жүрөт.

Бирок, Физикалык (мисалы, ультрафиолеттик нурлары, радиация), химиялык фактор (канцорегендүү кошулмалар: түтүн, ыш, асбест ж.б.), биологиялык (мисалы, вирустар) факторлордун таасири менен дененин бир жериндеги клетканын түзүлүшү өзгөрүп, клетка көзөмөлсүз бөлүнүп, көбөйө баштаган учурда кездешет. Дал ушул мезгили жетсе да, өлбөй, бөлүнүп, көбөйө баштаган клетка рак клеткасы деп аталат.

Мындай клетка бөлүнүп, көбөйүп олтуруп, шишикти пайда кылат. Шишик коңшу органдарга жайылып кеткенге чейин жетет. Ушинтип болгону бир гана өзгөрүүгө туш келген шишик келип чыгат да, рак оорусуна айланат. Кээде иммунитеттин төмөндөп кетишинен да рак клеткасы пайда болот.

Рак оорусунун түрлөрү


Рак залалдуу жана залалсыз болуп эки түргө бөлүнөт. Залалдуу шишик залалсыз шишикке караганда бат өсөт жана дарылоо кыйынга турат. Залалсыз шишикке кабылгандардын 95 пайызынын заманбап дарылоо ыкмаларынын арты менен толук сакайып кетүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Рак узак стадиялуу оору. Ашказандагы, өпкөдөгү, сүт безиндеги шишиктин диаметри 1,5 сантиметрге өсүп жетилиши үчүн 5-10 жыл керектелет.

Органдардын ракка кабылышынын себептери ар кандай. Мисалы, ашказан алдындагы бездин рагы. Бул күнүмдүк тамак-ашка малдын майын көп колдонуудан келип чыгат. Андыктан, эт менен майды азыраак колдонуу керектигин унутпаңыз. Табарсыктын рагынын келип чыгышы окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, тамекини көп чегүүдөн улам пайда болот. Ашказан рагы тамак-ашка крахмалды (нан, картошка, ун азыктарын) көп колдонуп, жашылча-жемиштерди аз колдонгондон келип чыгат. Тез даярдалчу азыктар, чизбургер, хот-дог, куурдак, шишкебектин түрлөрү да ашказанды дүүлүктүрүп, рак клеткаларынын пайда болушуна алып келет.

Боордун рагынын пайда болушуна афлотоксин уусу себепкер. Аталган уу организмге грибок оорусуна чалдыккан дан-өсүмдүктөрүнөн жасалган тамак-аш аркылуу кирет. Жер жаңгактардын түрлөрүндө да бул уу болушу ыктымал.


Урук өсүүчү бездин рагы малдын майын көп колдонуудан келип чыгат. Анткени, малдын майы кандагы жыныс гормонунун деңгээлин жогорулатып, рактын чыгышын шарттайт. Андыктан, ооруну алдын алуу үчүн тамак-ашка өсүмдүк менен балыктын майын көп колдонуу керек.

Сүт безинин (эмчектин) рагынын пайда болушун жыныс гормону эстроген шарттайт.

Аял кеч төрөсө эмчек рагына кабылышы мүмкүн. 18 жашында төрөгөндөргө караганда 30 жашында төрөгөндөрдө бул оору 3 эсе көп кездешет. Мунун себеби, курсактагы түйүлдүк аялды рактан сактоочу белокту иштеп чыгара тургандыгы менен түшүндүрүлөт.

Рак илдетин дарылоо

Нур терапиясы. Бул шишикти рентген нурлары менен нурландыруу. Мында рактын клеткалары өлүп, организмдин клеткалары зыянга учурабай калат.


Химия терапиясы. Бул химиялык дарылардын таасири менен шишиктин өсүүсүн басаңдатып, токтотуп, жок кылуу.

Гормон терапиясы. Эмчектин рагы менен урук чыктагыч безинин рагын айыктырууда гормоналдык дарылар кеңири колдонулат.

Операция. Шишик кесилип алынып салынат. Операциядан соң, адам айыккыча дарыгердин көзөмөлүндө болот.

Рактын алгачкы белгилери

Рак клеткалары адамдын абалын начарлатып, шалдыроого, табиттин жоголушуна, арыктоого алып келүүчү уу заттарды бөлүп чыгарат. Ошондуктан, адам жогоркудай абалга кабылса, сөзсүз дарыгерге кайрылып, текшерилүүсү зарыл. Бул адамда рак оорусу бар болсо, убакытты өткөрүп жибербей дарыланууга тийиш.

ЭМЧЕК РАГЫ ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?

Аялдар арасында кеңири жайылган оорулардын бири - эмчек рагынын айынан эмчегинен, а түгүл өмүрүнөн айрылган айымдар жок эмес. Бүгүнкү күндө эмчек рагынан толугу менен айыгуу мүмкүн. Ал үчүн ооруну күчөтүп жибербей алгачкы белгилери байкалары менен дарыгерге кайрылуу керек. Аты жаман дарт тууралуу толук маалымат алуу үчүн 49 жылдан бери маммолог кесибин аркалап келген Кыштобаев Оболбек Иманкановичке кайрылдык.

– Эмчек рагы тукум куучу оору болуп саналат экен. Дагы кандай факторлор бул оорунун пайда болушуна негиз болот?

– Туура, үй-бүлөдө апасы же таенеси рак менен ооруган болсо, анда кызы же небереси да бул оору менен ооруп калуу коркунучунда болот. Мындан тышкары эстроген гормону жогору болгон айымдар эмчектин рак оорусуна көп чалдыгышат. Эмчек рагынын пайда болушуна спирт ичимдиги жана тамеки дагы шарт түзөт. Анкени алардын курамындагы канцерогендер организмдин коргоо күчүн азайтат да, рактын пайда болушун камсыздайт. Ошондой эле, радиациялык нурлануу менен экологиянын кир болушу да таасир берет. Кант диабети, гипертония, семирүүдөн жабыркаган аялдар арасында эмчек рагына туш болгондор арбын. Аял семиргенде эстроген гормону азайбай, рак пайда болот. Көпчүлүк учурда мастопатия деген эмчек оорусу рак оорусунун пайда болушуна бирден-бир себеп болуп эсептелет.

– Мастопатия эмнеден келип чыгат?

– Аялдын гормоналдык тең салмактуулугу бузулганда пайда болуучу оору. Мында сүт бездеринин ткандарынын структурасы өзгөрөт. Башкача айтканда, сүт бездериндеги клеткалар туура эмес бөлүнүп, дөмпөкчөнү пайда кылат. Бүгүнкү күндө эмчек оорусу менен кайрылган он аялдын сегизинен дал ушул мастопатияны табуу мүмкүн. Алардын ичинен 50% кырк жаштан жогорулар болсо, 20% отуз жаштан кичүүлөр. Тилекке каршы, диагнозду уккандан кийин маани бербей жүрө беришет. Антпей дарылануу керек. Бул коркунучтуу оору деп эсептелбегени менен статистика боюнча, эки аялдын бирөөсүндө мастопатия рак оорусуна өтүшүп кетет.

– Эмчек рагынын пайда болушу аялдын өзүнө сезилеби? Анын алгачкы белгилерин кантип билсек болот?

– Бул дартка кабылгандардын көбү оору өтүшүп акыркы стадияга жетип калганда келишет. Анткени эмчек рагы башка оорулардай болуп, адамдын жанын кыйнап оорутпай туруп башталып кетет. Андыктан ар бир аял ден соолугу сак болушу үчүн, аз убактысын аянбай өзүн-өзү текшерип турушу зарыл. Ал үчүн күзгүнүн алдына туруп эмчек безинин формасын жана тери менен үрптүн тышкы көрүнүшүн караш керек. Андан кийин колду жогору көтөрүп, эмчек безин алды жагынан жана эки капталын текшерип, үч манжа менен эмчектин үстүн басып, андан кийин ар бир үрптү сөөмөй жана баш бармак менен сыгып, суюктук чыгып же чыкпасын байкоо зарыл. Эмчектин тегерегин кол менен сыйпалап тери алдынан дөмпөкчөнүн бар же жок экенин текшерүү керек. Эгерде текшерип жаткан учурда бир эмчек бези экинчисинен кичине болсо, үрптөн суюктук бөлүнүп чыкса, тери алдынан дөмпөкчө бар экени сезилсе, дароо маммолог дарыгерине кайрылуусу керек. Үрптөн тунук же саргыч суу чыкса бул оорунун башталышы, ал эми кан аралаш суюктук чыкса оору күчөп кеткенин билдирет. Оорубаган эмчек безинде эч кандай дөмпөкчө болбошу керек. Эмчектеги дөмпөкчө картошкадай болуп ары-бери жылып билинбей жүрө берет. Анын бар экенин жуунуп жатып байкап калганда гана кайрылышат.

– Оору өтүшүп кеткенде кайрылышат деп калдыңыз, кайсы стадиясы коркунучтуу болуп эсептелет?

– Эмчек рагы башка дарттардай эле бир канча стадияга бөлүнөт. Биринчи, экинчи А стадиясындагы аялдар дарыланышса, кыйынчылыгы жок сакайып кетишет. Ал эми экинчи Б стадияга кабылган 45 аял 5-10 жыл гана өмүр сүрөт. Эмчек шишиги 5 сантиметрден ашып кеткенден кийин үчүнчү стадия болуп калат. Үчүнчү стадияда дарылоо, айыгуу кыйын. Бул стадиядагы жүз оорулуунун ону гана жашап кетиши мүмкүн.

– Бул стадиялар менен кайрылган айымдар кандай жол менен дарыланат?

– Эмчектин рагын дарылоодо бир канча ыкма колдонулат. Аларга: хирургиялык жол, химиотерапия жана нур менен рак клеткаларын өлтүрүү кирет. Бул ыкмалар оорулуунун абалына, стадиясына жараша колдонулат. Ошондуктан баарына жарай берет деп түшүнбөш керек. Мурун кандай стадия болбосун, эмчек рагы деген диагноз чыгары менен эмчекти толугу менен алып салчубуз. Учурда дүйнө жүзү боюнча А стадиясында эмчекти сактап калуу мүмкүн экени далилденген. Эми рактын стадиясына жараша чара көрүлөт. Эгерде бейтаптын оорусу экинчи Б стадиясында болсо, залалдуу шишик менен бирге эмчекти алдырууга туура келет. Андыктан эмчек ооруса да, оорубаса да жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп, рактын алдын алуу мүмкүн экенин унутпаш керек. Оору күчөп кетсе метастаз пайда болуп, рак клеткалары башка органдарга да тарап кетет.

– Метастаз болуп кетсе кандай болот?

– Жогоруда айтып өткөндөй эле, дарыланбай жүрө берген учурда метастаз болуп, залалдуу шишиктин клеткалары кандын курамында сүзүп жүрүп бир жерге топтолуп калат. Көп учурда боор, мээге жана сөөктөргө барып таасир берет. Метастаз болуп кетсе дарылаш өтө кыйын болуп калат. Мындай учурда дарыгердин дагы жардамы тийбей калышы мүмкүн.

– Өтүшкөндө ооруган эмчекти алып салууга туура келет экен. Ал бейтаптын кийинки жашоосу кандай болот?

– Эмчекти алдырганда, өзгөчө үчүнчү стадияда эмчек шишигинен тышкары анын алдындагы булчуң эт дагы алынгандыктан, ошол тараптагы колу ооруп, кыймылдабай майып болуп калгандар бар. Жаны кыйналып турган адамга балалуу болуу да кыйын. Мунун айынан жакшы жашап кеткендер аз. Өмүрү кыска болуп, бир канча жылдан кийин эле каза болуп калышат.

– Кыргызстанда эмчек рагына кабылгандардын саны көппү?

– Өлкө боюнча бир жылда орточо 5-6 миң адам рак илдетине чалдыкса, анын 500-600ү эмчек рагы менен ооругандар. Батыш өлкөлөрүндө эмчек рагы көп катталат. Бирок ал жерде тез эле айыгып кетишет. Анкени ал жердин тургундары шарттуу түрдө жыл сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турушат. Бизде андай эмес. Өзгөчө айыл тургундары кыйналып жатып калмайынча дарыгерге кайрылбай жүрө беришет. Биз жылда айылдарды кыдырып текшерүү жүргүзгөндө, ар бир айылдан жок дегенде 3-4 аялда эмчек рагы бар экенин билебиз.

– Эмчек рагына кабылбаш үчүн айымдар кандай көнүгүүлөрдү жасашы керек?

– Бул үчүн атайын эрежелер жок. Бирок эмчектин рак оорусу боюнча Америка окумуштуулары изилдөө жүргүзгөндө, спорт менен машыккан, сууда сүзгөн айымдар бул илдетке чанда гана чалдыкканы байкалган. Анткени аялдар спорт менен машыкканда ургаачы гормондор азайып, эмчек рагынын пайда болуусунун алдын алат. Андыктан аялдар көбүрөөк кыймыл-аракетте болуп, пайдалуу жана активдүү жашоо образын жүргүзүүсү керек.

Эмне үчүн ар бир кыргызстандык кыз-келиндер эмчек шишигинен өлүп калышы мүмкүн экенин дарыгер Сергей Буюклянов айтып берди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы интернеттен аялдардын эмчек безинин шишик оорусу жөн эле капа болгондон, стресстен пайда болушу мүмкүндүгүн окуп алып өзү стресс болгон. Интернеттеги аты аталбаган билермандардын сөзүн текшериш үчүн ал Улуттук онкология борборунун алдындагы Маммология борборунун адиси Сергей Буюкляновго кайрылып маектешип келди.

— Бардык онкологиялык оорулардын ичинен көкүрөктүн шишиги эң коркунучтуу деп уккам. Ушул чынбы?

— Албетте. Онкологиялык оорулардын ичинен эң кеңири тараганы ушул эмчек безинин рагы. Кыргызстанда аялдар европалык же америкалык аялдарга караганда көкүрөктүн шишиги менен азыраак ооруганына карабай, бул дарттан өлгөндөрдүн саны бизде жогору.


Өнүккөн өлкөлөрдө сени оорудан арылтуу мүмкүнчүлүгү 90 пайызды түзөт! Ал жакта заманбап жабдыктар да бар, каржылоо жагы да жакшы. Алардын супермаркеттеринде эле медициналык кароодон өтсө боло турган атайын кабинкалар бар! Ошон үчүн аларда Кыргызстанга караганда ракты баштапкы мезгилинде эле аныкташат.

Бизде болсо аялдардын 60 пайызы шишиги 3-4 баскычка жеткенде келишет. Аларды дарылап айыктыруу мүмкүн эмес.

— Эмне үчүн кыргызстандык кыз-келиндер дарыгерге кеч кайрылышат?


Эң башкысы, жер-жерлерде жакшы жабдуулар жетишсиз. Маммология борборунда бүтүндөй республикага эсептелген төрт гана аппарат бар. Ошонун айынан кабинеттин оозунда күн сайын эл толтура. Биз аркылуу күн сайын жүздөгөн бейтаптар өтүп, алардын аягы эч үзүлбөйт.

Кезеги жетпей калгандар, күн санап күтүп тура беришет. Ал арада оорудан сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү кыскара берет.

— Маммологдордун буга кантип алы жетип жатат? Баары бир дарылаш керек, кудайдан тилеп отура бергендин пайдасы жок да.

— Маммология борборундагы жабдууну мамлекет берген эмес. Маммологдор эки жыл бою грант үчүн алышып жүрүп, Япония элчилигинен 150 миң доллар алганбыз. Ошол акчага жабдуу сатып алдык.

Биз облустарды да демөөрчүлөрдүн акчасына кыдырабыз. Жөн гана аялдарды сактап калыш үчүн! Өткөн жылы 15-20 миң кыргызстандык кыз-келинди кароодон өткөрдүк.

Эгер мамлекет каражат толук бөлүп бергенде, Кыргызстандын аялдарын жапырт кароодон өткөрүүнү биз тез-тез уюштуруп турмакпыз. Канча айымдын өмүрүн сактап калат элек, эсептеп көрүңүз.

— Аймактардагы аялдар Бишкекке дарыланууну каалашабы?

— Албетте! Ден соолугунда мандеми табылган аялдардын 95 пайызы облустардан шаарга келишет. Биз командировкадан келгенче эле алар бизди борбордо күтүп турушат!

Алар келип дарыланып, айыгыш үчүн колундагы, үстүндөгү чапанын сатып жиберип келишет. Шаардык аялдар өзүлөрүнө андан начар карашат. Ден соолугуна маани бербей жүрө беришет да, өпкөсүнө, бооруна, сөөгүнө өтүп кеткен метастазалар менен, дарылоого такыр үмүт жок калганда, келишет.

Ден соолукка көңүл бурса, рактан өлүп калуу коркунучу азаймак.

— Дартты 1-баскычта "кармап калыш" үчүн канча убакытта бир жана кайсы куракта кароодон өтүш керек?

— Өзүн сыйлаган аял жок дегенде жылына бир жолу маммологго кайрылышы керек. 20 жаштан кийин ар бири УЗИден өткөнү туура. Ал эми 35 жаштан тарта аял маммографиялык кароодон өтүшү керек.

— Эмчек безинин шишиги эмнеден башталат?


Ошондой эле мастопатиянын түрдүү формалары да эмчек безинин шишигине алып келүү коркунучу жогору. Кыргызстанда аялдардын 80 пайызы мастопатия менен ооруйт! Бул түрдүү себептерден пайда болчу дарт: калкан безинин, боордун, урук бездеринин оорусунан, кант диабетинен, ошондой эле тамеки чегүүдөн, туура эмес жашоодон, стресстерден пайда боло берет.

— Мастопатияны кантип билсе болот?

— Анын 40ка жакын түрү бар, андыктан анын биринчи белгилерин күтүп отуруунун кереги жок. Маммологго үзгүлтүксүз келип көрүнүп туруш керек. Көпчүлүк аялдар китепчени окуп коюп, көңүлдөрү тынып калат. Оорубаган күндө да, сиздин денеңиз сак дегенди билдирбейт!

— Аялдар оорусун өтүштүрүп жиберсе, сөзсүз хирургиялык жол менен дарылайбы?

— Албетте. Кыргызстанда аялдардын эмчегин күн сайын кесишет. Жылына 500гө жакын операция жасалат.

— Көкүрөгүн алдырып салып жашаш коркунучтуубу?

— Жок, эң коркунучтуусу бул эмес. Акча болсо, кескенден бир нече жылдан кийин пластикалык операция жасатып алса болот. Анан калса, асимметрияны жашыра турган бюстгальтерлер толуп жатат.

Эң коркунучтуусу — үй-бүлөңдүн тетири карап кетиши. Мындай оорулуулардын көбүн күйөөлөрү таштап, үй-бүлөсү, туугандары карабай коёт. Ушул жумушта иштеп жүрүп аялы менен аягына чейин калар-калбасын күйөөсүнүн көзүнөн аныктаганды да үйрөнүп алдым.

Мындай оор учурда күйөөсү таштап кеткен аялдын кайгы-муңун сүрөттөш кыйын. Бактысыз адамдын сакайып кетиши да оорураак болот… Албетте, андай аялдарга психологиялык, экономикалык жардам берчү коомдук фонддор бар. Бирок жакыныңдын сүйүүсүн эмне алмаштыра алат дейсиз?

Адамдын организми үчүн ашказан өтө маанилүү орган. Анын ичиндеги ыйлаакча чел кабыктары 1-2 литрге чейин шире бөлүп чыгарат. Анын жардамы менен адам жеген тамагын аш кылат. Эгерде адам ашказан оорусу менен жабыркаса, шире азайып олтуруп тамакты иштете албай калат. Мындай оорунун пайда болушу нерв системасына байланыштуу. Стресстик абалга көп кабылганда, туура эмес тамактанып, тамакты өтө ысык же муздак ичкенде, убагында тамактанбай режимди бузуп бирде ачка жүрүп, бирде ашыкча жегенден, алкоголдук күчтүү ичимдиктерди ичип, тамекини көп тарткандан улам бул дарт келип чыгат. Кээде адамдар ооруга байланыштуу узакка дары ичкендиктен, химиялык заттарды, уксус, жегич кислоталарды байкоосуздан жутуп алган учурларда гастрит пайда болот. Убагында дарыланбаган гастрит жарага айланып кетет.

Гастриттин түрлөрү:
курч жана өнөкөт гастрит

Гастрит капысынан же бир канча айлардан кийин пайда болуучу деп экиге бөлүнөт. Курч гастрит тез аранын ичинде пайда болуп, кыска убакыттын ичинде өтүшүп кетет. Өнөкөт гастрит акырындык менен айлап же жылдап пайда болот.

Гастрит учурунда кайсы пайдалуу?

Гастрит учурунда пайдалуу тамак-аштар

Нан

Буудай унунан жасалган нан

Эт

Майлуу эмес сулп эттер

Май

Туздуу эмес майлуулугу аз май

Ун азыктары

Кайнатылган макарон, кургатылган нан

Сүт азыктары

Сүт, айран, кефир, быштак, кургак сүт, каймак

Суусундуктар

Ширелер, сүт чай, компот

Гастритти алдын алуу үчүн кандай тамактануу керек?

Бир күндө бир канча ирет

3-5 даана өсүмдүк же жашылча жемишин жеш керек

3-5 жолу дан өсүмдүгүнөн жасалган нан

2-4 чыны көк же кара чай же сабиздин ширесин ичүү зарыл

Тамакка кошулуучу жашылчаларды ченемсиз түрдө колдонуу керек

Жумасына бир канча ирет

1-2 жумуртка же табигый сыр, тоок жана малдын этин кабыл алуу

2-6 жолу балык (треска, лосось жана сардина) жеш керек

1-2 жолу өсүмдүк (жаңгак, оливка жана күн карама) майларын кабыл алуу керек

2-3 жолу макарон тамактарын жеш керек

Кээде

Бир канча даана курамында какао кошулган шоколад жегенге

Бир рюмка вино ичип коюга болот.

Эскертүү: Дүүлүктүрүүчү ачуу, кычкыл, куурулган жана майлуу тамактардан качуу керек.

11. Ашказан рак оорусу - Кыргызстанда биринчи орунда турат
Онкологиялык ооруларга чалдыккандардын саны Кыргызстанда жыл сайын өсүүдө. Буга себеп коомдук турмушубуздагы оор кырдаалдар. Акыркы 20 жылдагы жумушсуздук, социалдык тармагыбыздын оорчулугу, экономикалык, саясий туруксуздук дагы кыргызстандык жарандардын ден-соолугуна түздөн-түз өз таасирин тийгизүүдө. Экологиялык тазалыктын жоктугу, тамак-аштын сапатсыздыгы да буга себеп болууда. Дарыгерлер акыркы жылдары онкологиялык оорулардын ичинен ашказан рагы менен кайрылгандардын саны көбөйгөнүн баса белгилешти.


Ашказан рагынын пайда болушу
Ашказан рак оорусунун көбөйүшү сапатсыз, таза эмес тамак ичкенден, өп-чап курсак тойгузуу менен ачка жүрүүдөн, өз убагында саламаттыгын текшертип турбагандыктан келип чыгат. Ашказан рагынын күчөшүнө өнөкөт гастрит оорусу, язва, аз кандуулук, иммундук системалардын алсыздыгы рактын өсүшүнө жол түзөт. Ашказан рагынын пайда болуу себептери медицинада толугу менен так изилденип чыга элек. Бирок, пайда болуунун бир нече жолдору аныкталган. Мисалы: нитриттер жана нитраттардын ашказанга түшүшү рактын пайда болушуна алып келет. Бул химиялык заттын негизги булагы адамга 89% жер жемиштер аркылуу кирет. Жер жемиштерде нитриттер менен нитраттар алардын өстүрүү жолдоруна жана түрүнө жараша кездешет. Ошондой эле нитраттар туздалган азык-түлүктөрдө, сырада, башка алкоголдук ичимдиктерде, козу карындарда кеңири таралган. Ал эми тамак-аштан сырткары нитраттар менен нитриттер организмге тамеки чегүүдөн жана косметика менен кирет. Көпчүлүк окумуштуулар бир нече изилдөөдөн соң алкоголдук ичимдиктердин бардыгы ашказан рагын пайда кылууга түздөн түз таасирин тийгизет деп баса белгилешкен.
Биринчи белгилери.
Ашказан шишиги менен жабыркаган адамдын алы кетет, бат чарчайт, жумушка болгон активдүүлүгү начарлайт, арыктайт жана табити жоголот. Тамак жегенден кийин ашказандын оордугу сезилет да, кускусу келет, ичи өтүп, же тескерисинче ичи катыйт. Ичтин көлөмү да өзгөрүлүшү мүмкүн. Эгер шишик чоң болсо анда ашказандын жогору жагы оорутушу ыктымал. Окумуштуулардын бир нече изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында аз кандуулук жана гастрит оорусу ашказан шишигине алып келери анык болгон. Рак менен жабыркаган оорулуулардын 1-10% аз кандуулук жана 10% гастрит, ашказан жарасы менен жабыр тартышкан. Рактын пайда болушуна гастрит оорусунун деңгээлине жараша болот. Гастритте ашказан ширесинин азайышы менен микробдор көбөйө баштайт да бара-бара ракка алып келери белгилүү болгон.
Химиятерапия-
убактылуу жардам
берет
Кандайдыр бир себептерден улам операция жасалбай калган учурда химиятерапия жүргүзүлөт. Мындай учурда химиятерапия ашказан шишигин толугу менен айыктырбайт. Ал шишиктин өсүшүн токтотуп, көлөмүн кандайдыр бир деңгээлде кичирейтиши мүмкүн. Химиятерапия аркылуу шишикти толугу менен жок кылган учурлар чанда гана кездешет. Мындай метод организмге терс таасирин тийгизбейт. Ал бейтаптарга өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт. Химиятерапия аркылуу оорулуулар арыктоо жана башка маселелери чечилиши мүмкүн.
Эки шишик
Ашказанда шишик оорусу зыяндуу жана зыянсыз болуп экиге бөлүнөт. Зыяндуу шишиктер татаал жана ага кылдаттык мамиле кылууну талап кылат. Ал эми зыянсыз шишиктер көп оорутпайт, адамдын тынчын албайт. Ашказанда жүрө бериши мүмкүн. Операция кылган соң бат эле айыгып кетет.


Сүйүтбек Дөөлөтбеков, Улуттук онкология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн башчысы:
"Рактан арылууга мүмкүнчүлүктөр арбын"
- Онкологиялык дарттарга кабылгандардын саны өсүшүнө эмне себеп болууда?
- Биздин онкологиялык бөлүмдө ашказан, боор, уйку без, шишик, сөөк оорулары менен республиканын бардык аймактарынан келип кайрылышат. Алыскы аймактагы ооруканаларда дарыгерлер диагноз кое албай кыйналган учурда бизге жөнөтүшөт. Учурда Кыргызстанда тилекке каршы өнөкөт, өтүшкөн оорулар менен жабыркагандардын саны өсүп кетти. Өзгөчө ашказан рагы көп кездешүүдө. Ал башка шишик ооруларга салыштырмалуу биринчи орунда турат. Жалпы онкологиялык ооруларынын пайда болуусун илимде далилденгендей химиялык заттар, углеводдор, жана радиация себеп болот. Ал клеткалардын өзгөрүшүнө, мутацияга алып келет. Генетикалык факторлор да таасирин тийгизет. Эгер ата-бабаларында шишик оорулары кездешкен болсо анда ал кийинки муунга да өтүшү мүмкүн.
Онкологияда ашказан шишигинин пайда болуу себептери өтө көп. Алардын ичинде ашказан өнөкөт оорулары. Мисалы гастриттин түрлөрү, ар кандай жаралар "язва желудка" деп коебуз же палит оорусун убагында дарылабагандыктан ашказандын ички катмары өзгөрө баштайт да акырындан рак оорусуна өтүшү мүмкүн. Андан сырткары өлкөдө болуп жаткан окуялар, мисалы, өткөн жылдагы 7-апрелдеги окуялар, Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялардын бардыгы адамдын психологиясына терс таасирин тийгизип, стресс абалына алып келди. Албетте, ал нерв системасынын бузулушу аркылуу, ден-соолуктун начарлашынын башкы фактору болуп эсептелинет.
- Ал эми ашказан рагын кандай жолдор менен аныктоого болот?
- Ашказан рагы экенин аныкташ үчүн гастроскопия деген аппаратыбыз аркылуу текшеребиз. Оорулуу бул аппаратты жуткан соң, ашказанды көрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Андан тышкары рентгенге тартып билсек болот. Булар негизги текшерүү болуп эсептелинет. Эгер бейтап оорунун башталгыч убагында кайрылса биз айыктырып берүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ашказан гастрит оорулары болгондо ооруйт. Ашказан ооруганда эле рак оорусу башталды деп ойлобош керек. Ашказандын рагы болгондо мурунку ооруларга салыштырмалуу, адаттагыдан да күчтүү ооруйт. Мүнөзү башкача боло баштайт. Алы кетип шалдырайт. Жумушка болгон каалоосу начарлайт. Эл менен көп сүйлөшкүсү келбейт, өзүнчө бөлүнө баштайт. Кан азайып, гемоглобин төмөндөйт жана арыктайт. Ушул белгилер байкалып калса дарыгерге кайрылуу зарыл. Ошондо биз текшерип көрүп шишиктин биринчи башталышы менен күрөшүп баштайбыз.
- Дарылоо жолдору кандай?
- Ракты бир гана операция жолу менен дарылоого болот. Операция жасоодо кээде ашказандын жарымын же толугу менен алып койгон учурлар да кездешет. Эгер ашказандагы шишик жанындагы органдарга өтүшүп кеткен болсо, коңшу жайгашкан органдарды да алууга туура келет. Кээде ашказан менен биргеликте уйку безди же боорду алып салабыз. Биздин практикада рак оорусуна операция жасоодо 11 органга чейин кесип алган учурлар болгон. Азыр мурда көп жасалбаган операциялар акырындап жасала баштады. Кээде амплуатация кылган учурлар да болот. Өкүнүчтүү жагы, оорулуулар баштапкы стадиясында кайрылбай, көр оокаттын азгырыгы менен ден-соолугун экинчи планга коюшуп, кеч кайрылып жатышкандыгында. Азыр бизге үчүнчү же төртүнчү стадиясында келишип, дарылоо жакшы эффект бербей жатат.
- Ашказан рак ооруларын алдын алуу боюнча мекендештериңизге айтар кеңешиңиз?
- Күнүмдүк оокатка, турмуш-тиричиликке алаксып жүрө бербей, адам өзүнүн ден-соолугун алдыга коюшу керек. Ар адамдын саламаттыгы өзүнүн колунда. Азыркы заманда ар бир адамдын ден-соолугу - бул үй-бүлөнүн байлыгы. Андыктан ден-соолукка кайдыгер болуп, оору-сыркоону өз убагында текшертпей, медициналык кароодон өтпөй жүрө бербегиле деп айтамын. Азыр техника өнүгүп келатат, ар бир райондо УЗИ аппараты бар, жыл сайын текшерилип, рактын белгилери байкалса, өз убагында дарылануу керек. Андан арылууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Рак десе эле, "аа, мен бүтөт экемин" деген кыска ойдон алыс болушубуз керек.

12. Ичеги инфекциялары — ооз аркылуу жугуучу, козгогучтары (негизинен бактериялар, вирустар) ичеги карында көбөйүп, бөлүнүп чыккан заттар менен сырткы чөйрөгө таралуучу жугуштуу дарттар. Аларга мисалы, дизентерия, ич келте, паратиф, вирустуу гепатит сыяктуу кеңири таралган оорулар кирет.

Читайте также: